Кыргызполиграфкомбинаты

Кыргызполиграфкомбинаты Т. Суванбердиев атындагы 1966-жылдын май айында ишке киргизилген. Орто Азиядагы китеп басып чыгаруучу эң ири полиграфия ишканасы болгон. Комбинат ар түрдүү адабияттарды, окуу китептерин, окуу куралдарын, түстүү сүрөттүү ар кандай продукцияларды, элге керектүү майда товарларды ж. б. продукцияларды чыгарууга багытталган. Ишкана негизги терүү, басма, мукабалоо цехтеринен жана жардамчы технол., техникалык бөлүмдөрдөн турган. Ошол убактагы заманбап техника менен жабдылса да китеп өндүрүү процесстеринин көпчүлүгү механикалаштырылган эмес. 1970—80-жылдарда автоматташтырылган техника, жаңы технология жана материалдар өздөштүрүлүп, жаңылануу ургаалдуу жүргөн. «Кыргызполиграфкомбинаты» алгачкы «Кыргыз совет энциклопедиясын», ар кандай форматтагы китептерди басып чыгарган. Китеп басуу жаатында башка республикалардын басмалары менен кызматташып турган. Ишканада Москва, Ленинград, Киев, Львов шаарынын окуу жайларында жогорку жана атайын орто билим алган жогорку квалификациялуу жумушчу адистер иштеп, улуттук кадрлар даярдалган, союздук борбордук ишканаларда кесиптик билимин жогорулатып турган. Комбинат чыгарган басма продукциянын 90%и окуу китептерине туура келген. Комбинатта даярдалган китептер жогорку сапатта болуп, Орто Азия, Казакстан Республикасынын, эл аралык «Искусство книги» конкурстарында көптөгөн жогорку байгелерге ээ болгон. Ийгиликтүү иши үчүн союздук маанидеги Өтмө Кызыл Туусун 21 жолу жеңип алган. Комбинат ишке киргизилген күндөн 25 жыл бою жетектеп, басма ишинин өнүгүшүнө чоң салым кошкон Т. Суванбердиевдин ысмы ишкана жайгашкан көчөгө жана ишканага 1995-жылы ыйгарылган. Рынок экономикасына ыңгайлаша албаган ишкана 1990-жылдардын 2-жарымында Кыргызполиграфкомбинаты начарлай баштап, 1998-жылы ААКка айланган жана 2008-жылы ишин токтоткон.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)