Кагаз

"Кагаз" жонундо макала ушул баракчада. Токойго барып асманга бой созгон келишимдүү дарактарды суктанып карап турганыңда, ушул тегерегиңде көгөрүп өсүп тургандар: келечектеги китеп, дептер, пакет, обойлор - деги кагаздан жасалчу нерселердин баары экендиги тууралуу ойлоп да койбойсуң. Кагазды колдонууну адамдар 2-кылымда үйрөнүшкөн. Аны Кытайда ойлоп табышкан. Кытайлыктар кагаз жасоонун сырын көпкө чейин жашырып келишкен. Ассириялыктар чопо тактайчаларга таяк менен жазышкан. Байыркы египеттиктер өздөрүнүн иероглифтерин папируска тартышкан. Алар сазда өсүүчү папирус камышынын сөңгөгүн жалпайтып, жука баракчаларды жасашчу. Европада орто кылымда кол жазма үчүн пергаментти - музоонун өзгөчө ыкма менен ийленген терисин пайдаланышкан. Байыркы Руста берестага - кайыңдын жука кабыгына жазышкан.

10-кылымда гана Европада эски-уску кездемелерден "кагаз" жасоону үйрөнүштү. Бирок бардык жерде газеталар чыгып, китептер басыла баштаганда, мектеп окуучуларына көп сандагы окуу китептери, дептерлер керек болгондо кездеме жетишпей калды. Ошондо адамдар кагазды жыгачтан жасоонун жолун табышты. Кагаз кантип жасалат үйрөнүп алалы. Токойдон дарактарды кыйып, адегенде келки-келки дөңгөчтөргө бөлүшөт. Анан майда чамынды кылып чаап, борпоң була массага айлангыча майдалашат. Бул массаны ар түрдүү операциялардан өткөрүшүп, кагаз алынуучу материалды даярдашат. Андан кийин кагаз жасоочу автоматтык машинанын кезеги келет. Бул ажайып машинанын узундугу жүз метрден ашат, бийиктиги - үч кабат үйдөй. Кагаз алуу үчүн даярдалган нымдуу, борпоң масса машинага салынгандан кийин бир эле мүнөттө бышык жана жылмакай ак кагазга айланат.

Ушул бир мүнөттүн ичинде масса майда тешикчелүү узун зор темир идишке түшүп, суусу сыгылат, андан кийин пресстелет, ысытылган оор барабандар менен тапталат. Алынган "кагаз" тасма, чоң таңгак болуп түрүлөт. Ошентип, кагаз даяр. Кагаз кантип пайда болгон, ушинтип пайда болгон. Бул таңгактардан керектүү өлчөмдө барактарды кесип алып, китеп баса берсе болот. Ал эми газетаны болсо тез басуучу машиналарга орнотулган кагаз тасмасынын бир четинен басышат, басылган газеталарды атайын машина кыркып бөлүп турат. Кагаз китеп же газета үчүн эле керек болбойт. Андан пакет, обой, картон, балмуздактын стаканы, аркан, ал тургай машиналардын тиштүү дөңгөлөктөрү жасалат.

Эми элестетип көргүлөчү: кагаз фабрикаларын жыгач менен камсыз кылуу үчүн күн сайын канча даракты кыйып туруу керек. Ошондуктан эски, колдонулган кагаздан (макулатура) аз да болсо кайра жаңы кагаз жасоонун мааниси чоң. Кагаз жонундо маалыматыбыз ушундай достор, кагаз деген эмне, ал кадимки жыгач, болгону кичине иштетилип, жука жана апапакай болуп чыгат. Ошон үчүн жыгачтай жакшы күйөт.

Сунуштай кетчү шилтемелер:

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)