Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жетиген

Баш барак | Музыка | Жетиген

Жетиген (жеткан, жетихан, чатыган деген аталышта дагы белгилүү) — жалпак арфаны элестеткен кыргыздын байыркы көп кылдуу чертме музыкалык аспабы.

Жетиген
Жетиген
АбалыКыргыз эл музыкалык аспабы
Классификациясычертме кылдуу музыкалык аспап

Жетигендин кылдарынын саны ар кандай: 7 (байыркысы), 9, 12, 14, 15, 17, 21 жана 23кө чейин, салмагы 4-5 кг, узундугу 1-1,5 метр же андан дагы ашышы мүмкүн. Тепкелеринин саны кылдарынын санына барабар. Жасалган материалы жыгачтан, негизинен өрүк, эмен жыгачтары. Капкагы кызыл карагайдан. Кылдары жибектен, металлдан же синтетикалык жиптерден. Жетигенди тизеге же отургучка коюп алып, аткаруучу өзү отуруп алып, эки кол менен ойнойт. Ноталар скрипкалык ачкычта жазылат. Диапазону төмөнкү октавадагы сольдон экинчи, үчүнчү октавага чейин.

Жетигендин эң байыркы түрү, жыгач кесиндисинен кертилген тик бурчуу кутуну элестеткен. Мындай жетигенде үстүнкү капкагы (дека) болгон эмес, бирок чүкөдөн жасалаган тепкектери (тээктери) болгон. Жылкынын кылынан жасалган кылдары тышкы бетинен тартылган. Кийинчерээк жетигендин бети капкак менен капталып, кылдары металл же синтетикалык (капрон, нейлон, пластик) жиптерден болуп калган. Учурда тепкектери чүкөдөн жана жыгачтан жасалгандары дагы бар. Аларды жылдыруу менен кылдардын үнүн тууралоо мүмкүн.

Тарыхы

Байыркы жетиген аспабында Борбордук Азия аймагында мурдатан эле ойношчу, бирок кийинчерээк аспап сейрек колдонулуп калган. XIX кылымга чейин кеңири колдонулчу деген маалыматтар бар.

Ал эми кыргыздар болсо Энесайда (Енисейде) жашап жүргөндө чертип, колдонуп келишкен, бирок Кыргызстанга аймагына келгенде унутта калган делет.

Музыка таануучу Балбай Алагушовдун ою боюнча кыргыздар мурда ушул аспапта ойношкон. Жетигендин бир экземплярын музыкант Жусуп Айсаев Россия Федерациясынын курамындагы Хакасиядан алып келген. Республиканы мекендеген хакастар кыргыздарга эң жакын элдердин бири болуп эсептелет. Хакасияда бул музыкалык аспап Кыргызстандан айырмаланып, популярдуулугун жогото элек.

Аталышынын келип чыгышы

Жайылган версия боюнча «жети» сөзүнөн пайда болуп, «жети кыл» дегенди түшүндүрөт имиш. Ушундай эле аталыштагы аспап, казактарда дагы бар, Россия Федерациясынын курамына кирген Хакасиада болсо мындай аспап «чадыган» же «чатхан» аталышын алып жүрөт. Монголдордон чыккан «ятуган» аталышы пайда болушуна жакыныраак делет.

Заманбап колдонулушу

Фольклордук ансамбльдарда өркүндөтүлгөн жетиген колдонулат, мында диапазонун кеңейтүү үчүн кылдарынын саны 23кө чейин жетиши мүмкүн. Кылдарды тууралоо тепкектерди ары-бери жылдыруу жана кулактарын буроо аркылуу жүргүзүлөт. Жетиген назик үнү менен айырмаланат.

Учурда (2023) жетиген аспабы элдик оркестрларда жана ансамбльдарда соло, ошондой эле аккомпаниациялоочу аспап катары колдонулат.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2023-07-11, Көрүүлөр: 600, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-07-11, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу