Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эне жонундо ырлар

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Эне жонундо ырлар

Эне улук баарынан, эне назик баарынан дегендей эне жонундо ырлар жыйнагын сиздердин назарыңыздарга сунуштайбыз. Достор, апалар тууралуу өз колуңардан жаралган ырларыңар болсо пикир жазып кошуп койгула.

Эне (Осмонкул Бөлөбалаев)

Толготкондо чыдап турган күчүңдөн,
Төгүп мээриң ийип берген сүтүңдөн.
Кутулбасмын Марска барып келсем да,
Калкыма мен өчпөс ырлар берсем да.

Адамзатта күндөй жарык ак пейил,
Энебиздей эч бир кымбат жан болбойт.
Барына тең мээрими жаз ак пейил,
Бардык жагы төп келишкен шай болбойт.

Айга чыгып айдан даам татсак да,
Ак сүтүңдөй дары таттуу бал болбойт.
Кыштын күнү атом отун жаксак да,
Коюнуңдай жылуу-жумшак жай болбойт.

Эне сенин атыңды эле атасам,
Эрк кошулуп кубат кирет боюма.
Ыр табалбай мээ катырып чарчасам,
Ыр куюлат Чүй суусундаң оюма.

Калпып алып эчак айткан сөзүңдү,
Кубаты мол ширин ырлар жазалам.
Карысам да медер кылып өзүңдү,
Кайта баштан жыргал доордо жашарам.

Апа, Апа! (Темиркул Үмөталиев)

Апа, апа! Жаным апа, сен өзүң
Аябастан мага мээриң төгөсүң.
Кокус менин күчөп калса жөтөлүм,
Кайгы-муңдун тереңине чөгөсүң.

Апа, апа! Жаным апа, сен өзүң
Мени мынча эрий жаздап өбөсүң?
Өңүң тургай, түшүңдө да айтасың:
"Аман жүргүн! Ишиң алга жөнөсүн!"

Апа, апа! Жаным апа, сен өзүң
Акыр түбү мен деп жүрүп өлөсүң.
Эмгегиңдин он миңден бир үлүшүн,
Эси жогуң кайдан сага төлөсүн?

Энеме (Акбар Токтакунов)

Бул турмушта толгон сонун сүйүшүү,
Сүйүүсү жок жарык болбойт үй ичи.
Бардык сүйүү өзгөрүлөт, жаңылат -
Жаңылбаган жалгыз Эне сүйүүсү...

"Айым дагы, күнүм дагы бир сен" деп,
"Көрктүү жигит болгон чагың көрсөм" деп.
Гүл өмүрүм жасап коюп көз жумдуң -
Кирпигиңден көйнөк токуп көркөмдөп...

Мүшкүл тартып бир мен үчүн иштедиң,
Оттон-суудан мага бакыт издедиң.
Кантем эми жүрөктөгү арман күч,
Өз колумдан бир чөөгүн чай ичпедиң.

Элесиңди медер тутуп өсөргө,
Апакебай, сүйбөптүрсүң бекерге.
Сага деген ыйык сүйүүм жүрөктөн,
Азыр бүтүн арнап койгом Мекенге.

Апамдан мурун озунуп... (Б. Асаналиев)

Көрө сала айлымды
Унутуп койдум бөлөктү,
Табуу кыйын мен үчүн
Андан ашкан жөлөктү.
Утурлоого алдыман
Күлүк суусун жөнөттү,
Апамдан мурун озунуп
Тууган жердин жели өптү.
Коёр замат бутумду
Боюма күч тарады,
Балабыз келген тура деп,
Тоо, токой, там, дарагы -
Баары мага карады.
Кыйын болоор жеткирүү
Ал кездеги сезимди,
Белек кылып аларга
Бергим келди өзүмдү...

Эне жүрөгү (К. Артыкбаев)

Түн бир убак. Саат эки-үч чамасы
Эне уктабайт миң кубулуп санаасы
«Эрте келем», — деп убада берди эле,
Эмне мынча кечикти экен баласы?

«Ээн түндө бирөө жыга чаптыбы?
Же мас болуп кадеми анын каттыбы?
Же кошулуп бузулган бир чөйрөгө
Намыс-арын, ата наамын саттыбы?»

Келе берет ойлор самсып дагы да,
Энесинин тынчтык бербей жанына
Анан туруп жылып чыгып балкоңго,
Көз чаптырат уулу келер жагына.

Жымжырт тынчтык. Эл уйкуда термелип,
Аймайт бетти Ала-Тоодон жел келип.
Эч кыймыл жок. Эненин көз алдына,
Келе берди көп нерселер иргелип.

Бейбаш эле кичинекей кезинде,
Тынчы кеткен көп учурлар эсинде.
Уул болду тарбияга аз көнгөн,
Чач агартып, так калтырып сезимге.

Антсе деле эне байкуш — «балам» — деп
«Ага келер балакетин алам — деп,
Ар убакта аман болсун! — деп тилейт,
Үйлөнгөн соң тык токтолуп калар» — деп.

Уйку көрбөй уулун күтөт энеси,
Кулагына кирбейт айткан жемеси.
Энени аёо сезими жок балада,
Табийгаттын бул кылганы эмнеси?

Табийгаттын теңсиздигин карачы,
Эч ким буга боло албайт арачы.
Эч түгөнгүс түйшүк тартса энеси,
Аны сезбейт дардаңдаган баласы.

Оорубачы, апаке (Жолдошбай Абдыкалыков)

Апаке ай, мынча улгайып баратасың,
Жабышкак оору басып жапжаш туруп,
Уулуңду убай менен каратасың,
Амалсыз ичтен тынам улутунуп.

Чачыңды күндөн-күнгө кыроо басып,
Кыш кирет өмүрүңө билинбестен.
Убакыт учкан куштай сызат шашып,
Закымдап кароолго да илинбестен.

Замана гүлдөп барат, түрлөп барат,
Күндөрдүн улам алды кызыктанат.
Учалбай мезгил менен талып канат,
Бастырбай сенин бутуң кысып барат.

«Апаке, жүрү алга!» - деп, колдон тартам,
Бергим бар учаарыңа жасап канат.
Жүгүңдү өзүң менен жонума артам,
Ага да болбой денең салмактанат.

Жакыным, жаны биргем, медер энем.
Ооруга-каарылыкка бергим келбейт,
Кааласаң өмүрүмдү ме дээр элем,
Кош айтып көз жумганың көргүм келбейт.

Апама (Камбаралы Бобулов)

Мен түшүмдө ажыдаар менен беттештим,
Эрме чөлдө өзүм жалгыз баратып.
Оп тартыштым, жалтанбастан тиктештим,
Атаандаштым... Күн кеч кирди... таң атып.

Көз ирмедим... капысынан алдырдым,
Көздөн учуп чагылгандын оттору.
Апа! - дедим, жардам сурап чакырдым,
Жетип келди анын мээрим колдору.

Көзүм ачсам апам турат башымда,
Эси чыгып, жанын үрөп кагылып.
Апа деген жакының да, багың да,
Кубангандан жашым кетти агылып.

Бакыт конуп, дөөлөт келип турганда,
Аз эстейбиз алдейлеген апаны
Азап түшүп, айла кетип курганда,
Жанталашып чакырабыз биз аны.

Кези келсе, аял чанат кутуруп,
Арт жагыңдан сөз ээрчитип миң наалат.
Эң бир сонун жактарыңды унутуп,
Аянбастан душманыңдай өч алат!

Дос да качат саламдашпай терс карап,
Жатсаң дагы көз тунарып, уу жутуп.
Кээ бирөөсү кытмыр күлүп табалап,
Ооз учунан көңүл айтат кубултуп.

Жалгыз гана бул дүйнөдө чанбаган,
Сен урматым, сен кубатым, апажан!

Энеме кат (Камбаралы Бобулов)

Эсенсиңби, күүлүсүңбү энекем,
Мен тирүүмүн. Кат жазамын апкарып.
Ырыс конуп, ашып-ташып берекең,
Түтүн булап, үйүң болсун жапжарык.

Кабар угам зейинимди козгогон,
Кийип алып эски жаман тонуңду.
Бороон күнү көз ачырбай боздогон,
Карай берип кыйналды деп жолумду.

Караңгыда үйдө жалгыз зиркиреп,
Элестейсиң дайым шумдук көрүнүш.
Канжар тийип, каным агып диркиреп,
Өлгөнүмдү кайып кезде көнүмүш.

Жок энеке! Анын баары кур элес,
Берилбеген асан-кайгы жөөлүгө.
Сенин уулуң жерде калган мас эмес,
Макул да эмес, сени көрбөй өлүүгө.

Кадимкидей боорукерим, иш түзүк,
Сөзүн укпай ала бербе жемеге.
Тилегим бар тентектиктен кол үзүп,
Барсам деген биздин жапыс кепеге.

Мен барамын аппак болуп биздин бак,
Шагы ийилип, гүлдөп турган учурда.
Өтүнүчүм ойготпогун кулактап,
Ойготкондой жети-сегиз жыл мурда.

Козгой көрбө, дарттарымды унуткан,
Эске салба, аткарылбас ойлорду.
Жаш чагымда жоготуулар куруткан,
Бул турмушта эчен басып жолдорду.

Үйрөтпөгүн намазыңды бекерге,
Эскиликке кайрылуу жок сандалып.
Кубанчымсың, тирегимсиң энеке,
Асмандагы ай-күнүмсүң жапжарык.

Мындан ары көп ойлонуп санаба,
Улам-улам карай берип жолумду.
Жамгыр жааган, күн бүркөлгөн абада,
Кийип алып эски жаман тонуңду.

Эне жалгыз (Кулунбек Адамкулов)

Кейиштүү окуя бар томсортот суз,
Эстесем кан тоңгонсуйт тамыр кууп муз.
Жүрөктү ачыштырат жаралуудай,
Көз жашка кор чыланып тамгандай туз.

Түн кирсе кыраан куш да ташка конот
Дат басса курчу агаар канжар болот.
Ошонун сыңарындай эне жалгыз,
Кароолчу жалгыз тамда ээн колот.

Баратсак ит арылдайт кимди сүйөт,
Кеч кирди өчөр-өчпөс чырак күйөт.
Жашоо, өмүр токтолбостон жүрсө дагы,
Көргөндор өткөндү эстеп кабак түйөт.

Бир үйдөн экөө кетип эрке тентек,
Бере албай небереге төрөт жентек.
Атасы арт жагынан кошо аттанып,
Кайткан жок, кемпир жалгыз, сыртта Балтек.

Тагдырда канча жол бар кыйма-чийме,
Чөп жыйды уйга салып жыгач чийне.
Үчөөнөн кара кагаз бир күн келип,
Жүрөккө сайылды бейм уулу ийне.

Таалайга тартылгандай таман тузак,
Батыштан аткан октой сынды бутак.
Согончок канабаган аялдардай,
Ал энем кала берди башка чукак.

Умтулбайт ошол күндөр эстен калгыс,
Тийгендей түшкө кирбес бөөдө каргыш.
Шефке алса андайларга моюн бербей
Энекем үмүт үзбөйт али жалгыз.

Эне мээрими (Кулунбек Адамкулов)

Толтурар чет кетиксиз бүт кем-карчын,
Этинен кесип жамар чырмап арчын.
Энеге бечел болсун үмүт бийлеп,
Талпынтып учурсам дейт кыраан барчын.

Акбозго токугандай алтын ээрин,
Аттантып тондонткондон артык мээрим.
Тил жетпейт эне эмгегин сүрөттөшкө,
Биле албайм кандай сөз таап эмне дээрим.

Жоор эшек мөңкүп жыкса минсем жайдак,
Сооротуп анан өпкөн бүт бет аймап.
Жымылдайт сүртүп алып жалап койсом,
Таткансыйт таңдайыма сүт, бал каймак.

Энеден жакын барбы демек теңдеш,
Бири кем чамалаш жок мейлиң мелдеш.
Сүйгөн жар дос бир тууган чендей албайт,
Уядан учса дагы эгиз эндеш.

Балдардан кокус чыкса бейбаш начар,
Энеден башкалары жаа-бой качар.
Ооруса садагага чабар боорун,
Болушар ал болгончо очор-бачар.

Апамдай жүрөк күтпөйт дос жолдошун.
Көтөрсөк эне баркын туу ордосун.
Мээрими менден өтүп учкай тийсе,
Учкундан муздай эрир кыт коргошун.

Бактың го сен алпештеп асыл энем,
Кем-кетик кетет экен деген менен.
Аясам кыз баламды ал балам дейт,
Энелик ак мээримге жокко ченем.

Апа, сизге ыракмат! (Мар Алиев)

(Баллада)
Бала кезде азаптарды көп көрдүк,
Баштан анда согуш каарын өткөрдүк.
Бала дебей, эне дебей зарланткан,
Баарынан да фашизмди жек көрдүк.
Эч кимибиз башты жерге салбастан,
Эмгек менен сокку урууну эп көрдүк.

Согуш... Согуш... көп жүрөктөр канады,
Бардык элим Батыш жакты карады.
Ата-агалар баары кетип фронтко,
Айлыбыздан алыстады эр адамдын карааны.
Апам калды жашын төгүп зар ыйлап,
Араң багып алты бирдей баланы.

Күндүз иштейт жумушунан калбастан,
Курбуларга ат салышып талбастан.
Күүгүм талаш тамак жасап, кир-коок жууп,
Бизге берет өзү наар албастан.
Кыйраткансып баарыбыз тең келебиз,
Чыт курсакпыз, бүткөн бойду чаң баскан.

Акыл айтат: эстүү бол деп балдарым,
Ач болсоң да бөтөн үйгө барбагын.
Баягынын балдары деп айтпасын,
Бирөөң дагы сабакты өксү кылбагын.
Бошогондо «Байтелиге» келгиле,
Бириң мин да, бириң соко кармагын.

Ар убакта апам адеп кеп салат,
Адептүү бол, жакшы өскүлө деп калат.
Ажыке агай эң улуубуз ал үйдөн,
Абдан окуйт, жумушка да көп барат.
Ата-агалар өзү өңдүү тиктейбиз,

Айлыбызга аскер келсе көп карап.
Чөмөр кирди, буттар далай канады,
Чөктү көңүл, туман басып талааны.
Ачкачылык бир жагынан, дарт чалып,
Аяган жок аял-эне, баланы.
Бирок, көрчү, баатыр элдин тартибин,
Бардыгынын жеңүү болду талабы.

Каардуу жыл. Баарыбыз жаш балабыз.
Апам — сакман, биз — кой-козу багабыз.
Эң алдыбыз ошол кезде он беште,
Ээ каран күн, биз эмнени табабыз.
Атам болсо азап тартпас белек деп,
Ага-инилер арман кылып калабыз.

Али элестейт...
Жамгыр жаады, көнөктөдү дабырап,
Жаман кийим чылгый болду шалбырап.
Койлор чыгып белес жактан жайылып,
Козу кетти ээ-жаа бербей жамырап.
Тил угам деп үйгө келсем апамдан,
Тим сөз айтат, кенеп койбой камырап.
Кирсин, жерге, бир күнкүгө эмне,
Кийимиңди кургатчы дейт, бабырап.

Сары-Булак...
Сакман анда, сары оорулуу апабыз.
Күндүз чарчап, кой-козууга илээшип,
Күүгүм кире төшөккө баш катабыз.
Сиз ошондо жалгыз короо күзөтүп:
Эл көчөөрдүн белгиси -
Карача каймал буркурайт.

Таң атардын белгиси -
Тараза жылдыз жаркырайт,
Бедел сымак «Бекбекейди» айтабыз.
Ооба, ошондо таң атаарын күткөнсүз,
Опо болуп, чоңойтконсуз, түткөнсүз.

Апакебай!
Колдон келсе дайым келет ырдагым,
Сиз бар кезде ошол менин жыргалым.
Медер кылып качып турат сиз жакка,
Менин улуум - бир неберең Сыргагың.
Ансыз деле балдарыңа бакыт да,
Айлап-жылдап аман-эсен турганың.

Согуш бүттү, азап-тозок ыраактап,
Кызыл туулар кырка турду булактап.
Көчө көркүн баатыр жоокер чыгарып,
Кыз-келиндер тосуп алды кылактап.
Ак жолтойсуз аппак үйдүн ырысы,
Апа, сизге дайым айтам ыракмат!

Эне (С. Маймулов)

Багынтпайт сенден башка уйку кимди,
Түн багып ирмебедиң кирпигиңди.
Момурап бешигимен үн чыгарсам,
Күлүңдөп кабагыңа күлкү кирди.

Эмизип берекелүү ак сүтүңдү,
О башта ойлогондой толкун үндү.
Куйдун, мол кулагыма казак ырын,
Ырдар деп дүңгүрөтө жакшы күндү.

Ойлосом өкүнөмүн түркүн-түркүн,
Көрбөдүң, көрбөй калдың дүйнө чиркин.
Эсепке кошулганын сары уулуңун,
Апкелип эмгек акы сага бир күн.

Ийинге илип алып шинелимди
Куудум мен ок ичинде эски кунду.
Элимди өрткө бербей өжөрлөндүм
Ошондо көрбөдүн, ээ, сары уулуңду.

Кантейин көрбөй кеттиң ушул күндү,
Неберен, Балнур, Алтай, Арнуруңду.
Көздөрү өз көзүндөй сурма көздүү
Жүздөрү өз жүзүңдөй ажар-нурлуу.

Үч бала: «Биздин эне кайда?» дешет,
Ошондо кайгы-капа жүрөк эсет.
Өлдү деш өмүр үчүн кыянат ко,
— Ойлобойт балдар — десек чыгып кетет.

Кээ бирөө мейли мени «тантык» десин,
Ырымды жалган сөзгө сүйрөтпөсүн.
Бир гана өтүнөрүм: Алар мага
Энени бизче сүй деп үйрөтпөсүн!

Кыйбадым эне сени чопо, нымга
Коюучу орун таппай ойдо-кырда,
Өзүңө жүрөгүмү зыяраттап,
Эскирбес эстелигиң, калды ырда.

Эненин каты (Сатин Абдыкеримова)

Эл четинде жүрсөң да,
Эсен болсун бир жаның.
Эрдикти көрсөт каралдым,
Эл үчүн сени туугамын.

Энеден уул туулса,
Эл кубанып сүйүнгөн.
Жан энең болсун садага,
Жоо тосуп жүргөн күнүңдөн.

Алты ойгонуп бир түндө,
Ак сүтүм берсем - жай алдым.
Жениш менен эрте кел.
Жаным курман каралдым.

Эненин каргышы (Сатин Абдыкеримова)

Кокоюп жалгыз бир үйдө,
Күнүм-түн болду караңгы.
Канкор душман жайладың,
Каралдым жалгыз баламды.
Кулунум-ботом өлбөй кал,
Каңгырап жалгыз каламбы.
Артыңдан жетип издесем,
А-дүйнө жайдан табамбы.
Бетпак душман оңбой кал,
Боздоттуң далай адамды.

Жалгызым жоого аттанып,
Жүрсөңда элдин четинде.
Аманың тилеп жүрчү элем,
Ар күнү эрте кечинде.
Жакамды кармап, тооба деп,
Жалынып жүргөн кезимде.
Түн түшүп шордуу башыма,
Туш болдум кандай кесирге.
Айламды таппай турамын,
Ажалсыз өлүп кетүүгө.
Алса экен мени кудайым,

Артыңан эрте жетүүгө.
Алдыңда өлүп калсамчы,
Арман күн кокуй, жалгызым.
Туулары кулап кыйрасын,
Душманга айтар каргышым.

Эне жүрөгү (Сатин Абдыкеримова)

Бир күндө миң бир айланат,
Баланы эне танабы?
Апалап нечен кыйнаса,
Ансайын жанат жамалы.
Көңүлү болот алагды,
Көрүнбөй калса карааны.
Алдынан чыкса жүгүрүп,
Ачылат жаркын кабагы.

Эрмегин жыттап сүйгөндө,
Элжирейт эне жүрөгү.
Гүл бакчадай жадырайт,
Күн эмес жатар түнөгү.
Басса-турса кубанып,
Бала үчүн бардык тилеги.

Апам Жамбүбүгө (Ташмат Арыков)

Сенден ашкан кенендик жок мен үчүн,
Сенден ашкан тереңдик жок мен үчүн.
Сенден ашкан улуулук жок мен үчүн,
Сенден ашкан жылуулук жок мен үчүн.

Бир өзүңдү тооруп алды карылык,
Мен ал үчүн бомба болуп жарылып,
Эң бир укмуш болор эле, сен алсаң
Карылыктан биротоло арылып.

Бирок ал иш колдон келбейт экен да,
Табияттыи закондору бекем да.
Карып-арып баратканың көз көрүп,
Өзүмчө эле күйүп-бышып кетем да!

Энекебай! Курчу кетти көзүңдүн,
Энекебай! Мурчу кетти сөзүңдүн.
Бир да жок акыл-эстин баягы,
Бири да жок алдуу-күчтүү кезиңдин.

Алыс калып жаз, жай, алтын күзүңөн,
Жылга-жыбыт орун алды жүзүңөн.
Кетти-кетти күлгүн курак чактарың,
Ажырадың шыңга бойлуу түзүңөн.

Кубат, көркүң кетсе дагы таралып,
Дал ушуну таамай билип алалык:
Кетпейт менден сенин сүйүүң энелик,
Кетпейт сенден менин сүйүүм балалык.

Жаш эне (Ташмат Арыков)

Омурткасын сыздатып,
Он ай бою көтөрүп,
Төрөп алды, өзүнүн
Ой-максаты өтөлүп.

Ак мамасып эмизип,
Ак бешикке бөлөдү.
Бирок бала бала да,
Анысына көнөбү.

Барр-барр этип ыйлады,
Коймок беле тим аны.
Чечип алып көтөрдү,
Ысык келин ыманы.

Кудуң этип сүйүнө,
Ойлоп койду:
Көп болсо,
Көтөрөрмүн күнүгө
Эки-үч жашка толгончо.

Басат анан өзү эле,
Түйшүгүм да түгөнүп...
Байкаган жок жаш эне,
Көтөрөөрүн түбөлүк.

Баласын өтө аяган энеге (Ташмат Арыков)

Эшикке чыгарбадың кыштын күнү:
«Берекем, суук катуу, үшүйсүң»,— деп.
Эшикке чыгарбадың жайдын күнү:
«Кулунум, чилде маалы, ысыйсың» — деп.

Энеке, көңүл бурчу сен ушуга:
Усталар ниеттенсе курчутууга,
Темирди адегенде отко салып,
Салышат андан кийин муздак сууга.

Апама (Ташмат Арыков)

Миң миңдеген элдин уруп кусуру,
Каракчылар чегинишип утуру,
Биздикилер түшүп алып артынан
Чабуул коюп бара жаткан учуру.

Төрт бир тууган атабыздан жаш калып,
Жетимдиктин жибин өрө баштадык.
Жок болгон соң баш-көз болоор кишибиз,
Кожоюндук кылып кирди ачкалык.

Жоготсоң да өмүр шерик теңиңди,
Чымырканып бекем бууп белиңди,
Элиң үчүн,
Жетим калган биз үчүн
Эки эселеп төктүң апа териңди.

Бригаданын ишин иштеп күнүндө,
Тамак кылып,
Кир жууп жайдын түнүндө,
Чарчагандын-чаалыккандын белгиси
Турар эле ар убакта түрүңдө.

Өтсө дагы мезгил ундай эленип,
Көргөн жоксуң сарсанаага бөлөнүп.
Келе бердиң вагонунда кайраттын,
Үмүтүңдүн ийинине жөлөнүп.

Бизди өстүрдүң кыйындыкка тоорутпай,
Бизди өстүрдүң көңүлдү бир оорутпай.
Бизди өстүрдүң канаттууга кактырбай,
Бизди өстүрдүң тумшуктууга чокутпай.

Сен аткардың атанын да милдетин,
Сен аткардың апанын да милдетин,
Атабыздан биротоло ажырап,
Атабыздан калган кезде биз жетим.

Апамдай апа болобу (Ташмат Арыков)

Бала деп жашап оболу,
Бала деп чыккан обону,
Апалар жакшы, а бирок,
Апамдай апа болобу.

...Согуш сөздү угабы,
Согуштун дүлөй кулагы.
Эл башына кыйын күн
Түшүп турган убагы.

Анда кимге керекпиз.
Таянычсыз, жөлөксүз,
Ата-энеден жаш калган,
Төрт бир тууган элек биз.

Жокчулукту жолотпой,
Ачкалыкка тонотпой,
Эне болуп ал баккан
Тоскоолдукту тоготпой.

Канаттууга кактырбай,
Тумшуктууга чокутпай.
Турду дайым эсиңде,
Тарбиялап, окутмай.

Эл ичкенди ичирип,
Эл кийгенди кийинтип,
Көөнөрбөгөн энелик
Мээрим менен сүйүнтүп.

Жол көрсөтүп жетелеп,
Баккандыктан бөпөлөп,
Учуп чыктык уядан
Төртөөбүз тең көкөлөп.

Өтөп өзү адамдык
Эң негизги милдетти,
Келин алып, кыз берип
Тилегине ал жетти.

Калк суктанган карашып,
Карылык кандай жарашык.
Ичер суусу түгөндү,
Сексен бештен ары ашып.

Кызыл таштан эстелик
Куруп койдук эскерип.
Өстүргөнү үчүн деп
Акыл берип, эс берип.

Апабыздын баркы ошол,
Апабыздын наркы ошол.
Турат дайым чөп баспай,
Мүрзөсүнө кеткен жол.

Энекем (Ташмат Арыков)

Ааламды карап жатчудай,
Аскалар турат сакчыдай.
Чекти ким бузуп өтсө эле,
Чекеге мээлеп атчудай.

Көк тиреп өскөн карагай
Көтөрөт боюн карабай.
Толукбай жүрөк тим турбас,
Токоюн бассаң аралай.

Басылбай куштун үндөрү,
Баладай сүйкүм тилдери.
Жаныңа кубат дем берет
Жайнаган жаздын гүлдөрү.

Сулуулук жердин мүлкү деп,
Суулары агат күркүрөп.
Таңды кеч эмгек кайнаган,
Талаада шаңдуу күлкү көп.

Ушундай кооз кең мекен,
Уйкусун бөлүп теңме-тең,
Эс берип багып өстүргөн
Энекем эмей эмне экен.

Апама жооп (Ташмат Арыков)

«Тунарык кирип көзүмө,
Супсактык кирип сөзүмө,
Жарым жан болуп олтурам,
Жардамым тийбей өзүңө»,-

Деп айттың, апа, неликтен,
Жарабас андай дегениң.
Жетишет сенин ансыз да
Мен үчүн көп кам жегениң.

Эмгегиңди маа кылган
Унутуп койсом жарайбы.
Жүрөгүңдү канатып,
Көрдүң го мен деп далайды.

«Жаш кезде берсин мээнетти,
Карыганда берсин дөөлөттү».
Кылымдар бою ушул сөз
Көзгө илбей келет мөөнөттү.

Сен үчүн азап чегемин
Сен үчүн терди төгөмүн.
Сен үчүн арнап өмүрдү,
Сен үчүн жашап келемин.

Алты сан аман турганда,
Иштеймин баарын сен үчүн,
Карааның жүрсө калдайып,
Жардамың ошол мен үчүн.

Эне (Түмөнбай Байзаков)

Бүт адамды эне тууган, калайык,
Бакыт тилеп уулу менен кызына.
Бирок айрым безерилер чунайып
Уу чылашат ак сүтүнө, тузуна.

Эң биринчи эне сүтүн эмгенбиз,
Эң биринчи эне жытын билгенбиз;
Эң биринчи эне жүзүн көргөнбүз,
Эркелетсе - эрин ачып күлгөнбүз.

Ымыркайды эне мээри жылытат,
Ызгаарларга калканч кылып жүрөгүн.
Бирок айрым кемчонтойлор унутат
Эне баркын, эне эмгегин, тилегин.

Бул дүйнөгө келген кезде жаңыдан
Эң биринчи эне сөзүн укканбыз.
Бултурмушка жоомарт эне багынан
Эң биринчи канат сермеп учканбыз.

Баарыбызды жөлөп каз-каз тургузуп,
Эне үйрөткөн жашоо деген серени.
Бирок айрым терс аяктар ырк бузуп,
Ыйлатышат, сыздатышат энени.

Эне тууган баарыбызды, калың эл,
Энчибизге берип өмүр жыргалын.
Эне - тынчтык, эне - бакыт, эне - мөл!
Тартууласам - татыр бекен ырларым?..

Төрт сап ырлар

Ташмат Арыковдун төрт сап ырлары

Апамдын мага кылган зор эмгеги,
Апамдын мага кылган мол эмгеги.
Мен анын эне сүтүн актабасам,
Канткенде адам атка коном деги.

Байкуш эне кайдан билди баланын
Эр жеткенде шүмшүк болуп каларын.
Жыргайм-куунайм деген ою желге учуп,
Көр азабын тартып жүрөт ал анын.

Апамдын ар бир сөзү кубат мага,
Сезимде чырак болуп турат жана.
Андыктан өзүм үчүн коркунучсуз,
Кыйындык тоодой ташын уратса да.

Мен кайгырсам апам жаман түш көрөт,
Мен кубансам апам жакшы түш көрөт.
Айлык алыс жүрсөм дагы өзүнөн,
Апам баарын билип коёт өңдөнөт.

Апа, сени бергим келбейт ажалга,
Бирок, күчүм жетпейт андай тажаалга.
Ичим күйөт, сезип, билип турган соң,
Мен тараптан болбосуна эч арга.

Мен капамын, мен ушуга капамын,
Кантип актайм эне сүтүн апамдын.
Апамдыкы боюмдагы күч-кубат,
Аны менен жашап, иштеп жатамын.

Көздү жумсам көрөм апам элесин,
Апам ашты сексен жаштын белесин.
Тагдыр көнсө, кырк жашымды аа берип,
Сексен жашын алат элем мен өзүм.

Апамды ата ордуна кармагамын,
Апама өмүрүмдү арнагамын.
Жарыкта жакшы жашап жүргүм келет,
Ыраазы болсун үчүн арбагы анын.

Жашайт эне «Карыялар үйүндө»,
Сарсанаанын белгиси бар түрүндө.
Анан кантип чөмүлбөсүн санаага,
Минтип турса баласынын тирүүндө.

Белгисиз авторлордон

Күндө күлүп, мээрим төккөн берекем,
Куттуу болсун майрам күнүң, энекем.
Бир өмүргө жашаганың жетпейт го,
Көлдөн учкан элесиңди эстесем.

Апа! туулган күнүңүз менен!
Өмүрүңүздүн ар бир күнүн биз үчүн арнап,
Аздектеп баарыбызды чоңойтуп.
Тарбияңызды берип,
Ар бирибизге турмуш жолун көрсөттүңүз.
(жашын жазып коңуз) жашыңыз кут болсун!
Ушул жашоонун эң татынакай айымы биз үчүн сизсиз!
Өмүрүңүз узун болуп, төрүбүздүн көркү болуп жүрө бериңиз.
Жакшылыктарыбыздын күбөсү болуңуз.
Алтын апам, кутман апам, кымбатым,
Жүзүң жаят, нур чачат биз үчүн.
Өмүр берип, ушул күнгө жеткирген,
Менин апам, асыл апам, урматым.

Акын болуп, ыр жазып даңктай алсак,
Ардактасак, төр берип барктай алсак.
Адамбыз деп айтышка акыбыз бар,
Энелердин ак сүтүн актай алсак.

Ак шоола чачкан таңсың апа,
Гүл сымал назик жансың апа.
Өмүргө өмүр улаган,
Чолпондой өчпөс шамсың апа.

Мөлтүрөп аккан булактай,
Мээримин төккөн суратпай.
Жан дүйнөбүздүн чырагы,
Жанып турсун чырактай.
Апаке, ар убак кадамыңызга гүл,
Өмүрүңүзгө нур толуп,
Төрүбүздүн көркү болуп,
Өмүдүн узак жолунда,
Бактылуу жашоо өтөңүз.

Энеке кантип таазим этпейм сизге,
Жашоомдо асылзат жок сизден башка.
Кымбатсыз, баа жеткисиз мен үчүн,
Өзүңүздү теңей албай эч бир жанга.

Жарык дүйнө жашоо берип,
Жан дүйнөнү кошо берип.
Тарбиялап, таалим берип,
Турмуштун ачуу-таттуусун биз менен көрүп,
Энелик ыйык мээримин чексиз төккөн энеке,
Асманың ачык, күнүң жарык,
Жолуңуз узак, турмушуңуз бакубат,
Бактылуу болушуңузду тилеймин.

Асмандагы жылдыз канча,
Талаадагы буудай канча.
Жалбырак канча даракта,
Күн гана бирөө асманда,
Апам гана бирөө дүйнөдө.

***

Эшик ачып дүйнөгө жарык берген,
Нур чачып өмүргө күч берген.
Маанайынызды чүрөк кылып капа кылбайм,
Ырахатым, кубанычым менин энем.

Канча жашайм, мен да өтүп кетээрмин,
Күндөр өтүп кадырыма жетээрсиң.
Артымда кал кагылайын балдарым,
Кеч ойлонуп арман кылып кетпээрсиң.

Жакындардын бактысына бар болуп,
Жашаңызчы жакшылыкка жар болуп.
Жакындарды кубантып сиз турасыз,
Көңүлүңүз чөкпөсүн таарынбаңыз.

Баарыбызды кубантып апаке,
Жараткан жашыңызга жаш кошуп.
Жыл сайын алсыратат токтобостон,
Капаланба апаке, капаланба,
Мен жашартам кубаныч менен сизди апа.

Апаке мына бүгүн туулган күнүңүз,
Чын жүрөктөн куттуктаймын мен сизди.
Бактыбызга дайым аман жүрүңүз.

Апакем асмандагы жанган чолпон,
Муңайсаңыз ооруган го деп коркомун.
Эр жетилип чоңоюп, мен өзүңдү багамын,
Ушул менин алдыга койго максатым.

Апаке... бар болуңуз, кайгырбаңыз,
Биздин таянаарыбыз сыймыгыбыз өзүңүз.
Бизге даары ар бир айткан сөзүңүз,
Ден-соолукта, амандыкта узак өмүр сүрүңүз.

Колдонуучулар ырлары

Апама
Оо апакем ай чырагым, карегим
Аппак сүттөй, таза сенин мээримин
Төрүбүздүн көркү болуп жүрө бер,
Эч оорубай жүрсөң болду тилегим.

Жанымдан артык көрөм апакебай
Айта берем ичке катпай, жашырбай
Бактылуумун сен бар үчүн дүйнөдө
Сага чексиз ЫРАХМАТ апакебай

Ыйлабачы, куса болуп сыгылып.
Сени көрүп ыйлайт кызын жашынып.
Болот тура бул жашоодо, ый дагы.
Өтүп кетээр бул күндөр, артта калып.

Кечир апа, сага орой сүйлөсөм,
Кечир апа, сага көңүл болбосом.
Кичинемде көп кыйнагам билемин
Кусалык жетелейт, аны ойлосом

Жакшы ойдо олтурамын кыялданып,
Ыр жазсам, ырым бүтпөйт сизге арналып,
Жылмаюуу кетпесин жүзүңүздөн,
Жаркырап жүрө берин, шамдай жанып
(Н. Айзирек)

Достор, эне жонундо ырлар жыйнагыбыз ушундай, башында айтып өткөндөй эле сиз дагы четте калбаңыз, эң кымбат апа жонундо ыр деги эле эне тууралуу ырларды кичине болсо да жазып койгула. Айырма жок куттуктоо сөздөрү, калоо-тилек болобу. Эне бизди бул дүйнөгө алып келген, ошону унутпайлы.

Жайгаштыруу: 2018-09-25, Көрүүлөр: 466428, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-02, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу