Ысык кол жонундо ырлар

"Ысык кол жонундо ырлар" кандай гана сонун, кандай гана кооз, көркөм. Ушундай жакшы ырлардын силер билбеген жыйнагын бул макалабызга жарыяладык. Балким авторлор өзүлөрүнүн ырларын тааныйт.

Бир гана Ысык-Көлдө бар
Көргөндүн көөнүн буруучу,
Ысык-Көл, көлдүн сулуусу.
Көз салсаң, көктө булуттун
Көл жакта жатат бир учу.

Кайырма:
Бир күндө мин сан кубулуп,
Толкуну тоого урунуп,
Тыңшасаң укмуш музыка
Тынымсыз турат угулуп...
Бир кана Ысык-Көлдө бар,
Ушундай кооз сулуулук!..

Артылып тоонун кырына,
Айкашып күндүн нуруна,
Көл суусун ичкен булуттар,
Көк мөңгү жакка жылууда.

Кайырма:

Кактанып жатып кумуна,
Суусуна кирсем чумула,
Көл үстү күндөн жылтылдайт,
Окшошуп чачкан шуруга.

Кайырма:
(Жалил Садыков, 25-июль 1998-ж.)
***
Кечки көлдүн жээгинде
Жайдын кечи... Иңир кирген чагында,
Келдим көлгө, алган жарым жанымда.
Унчукпастан көл күүлөрүн тыңшаган,
Мага окшогон мүнөзү бар анын да.
Сезип турам билинбеген от чачып,
Жалын ойноп жаткандыгын канында.

Чиркин көл ай, көлгө кумар канабы!
Кыпкызыл от күндүн баткан тарабы...
А чыгыш жак, кара чүмбөт жамынып,
Каптап келет тоолор менен талааны.
Орто ченде Ысыккөлдү аптаптан,
Желпип жатат Кызыломпол шамалы.

Күн уйкуга кетти белем көшүлүп,
Батыш жактаң бүттү нурун өчүрүп...
Көк бетине улам чыккан жылдыздар
Көлгө түшөт жыпжылаңач чечинип...
Муздак шамал, муздак жылдыз түшкөнгө,
Көл баратты чыйрыккандай сезилип...

Көл түйшөлөт... Жатканго деп көл үшүп,
Жакындасам терең сырын бөлүшүп,
Жаңылыпмын... Тээ алыстан толкундар,
Улам бери жээкке жакын келишип,
Айкалыша кучакташа калышып,
Жаткан экен чопулдата өбүшүп...

Шоокумун айт түнкү көлдүн боюнун
Биз тиктейбиз толкундардын оюнун,
Обочороок ойноп жатат жылдыздар,
Ээлеп алып көлдүн терең коюнун.
Андан нары термелүүдө ак куулар,
Бир бирине арта салып моюнун...

Жасап койгон көктүн болуп тирөөчү,
Жатат көлдө аппак тоолор сүрөтү...
Секин жылып кетип барат булуттар,
Селкилердей назик, жумшак мүнөзү.
Бул көл эмес, бир керемет өңдөнөт,
Көчүп келип керме тоолор түнөөчү!

Бул көл эмес, бул бир укмуш керемет,
Айдын нуру тийип турса себелеп,
Аргасыздан ошол нурду ойлойсуң:
Көктөн ылдый көлгө түшкөн жебе - деп...
А толкундар бизден сурап жаткансыйт:
Экөөң мында не келдиңер эле? - деп.

Алар куушуп жээкке жакын келишип,
Шыңк-шыңк күлүп, улам шыкак беришип:
Булар дагы биздей болсун - деди окшойт
Айкалышып өбүшкөндү көрүшүп...
Арга канча, кыналыштык экөөбүз,
Кош жүрөктү коргошундай эритип...

Баа десеңчи, чиркин улуу тирилик!
Биз куунадык сүйүү балын щимирип...
Көшүй-көшүй, көз байланган учурда,
Көк да калды, көл да калды биригип...
Күйүп жанып көктөн түшкөн жылдызга,
Анда-санда асман турду тилинип...
(Жалил Садыков, 21-август, 2006-ж.)
***
Көл күүсү
Күмүш тоолор алкагы,
Ортосунда көл-бешик.
Улан, Санташ аркалуу,
Өзүн өзү терметип.

Ал бешиктин ичинен,
Айды турат көргөзүп.
Күлмүңдөгөн көктөгү,
Күндү турат көргөзүп.

Ай чагылган жүзүнөн,
Айдын нуру төгүлөт.
Күн чагылган жүзүнөн,
Күмүш тоолор көрүнөт.
Жымжырт болгон түндөрдө,
Жылдыз келип чөмүлөт.
Көктө сүзгөн булуттар,
Көл бетинен чагылат.
Улам түшүп төмөндөп,
Учу сууга малынат.
Коштоп алган толкундан,
Комуз күүсү жаңырат.

Ал толкундар жарышып,
Жээкке келип урунат.
Күр-шар этип бир тийип,
Кайра артына бурулат.
Андай үндү, тынч түндө
Тыңшоо керек бир убак;
Көл күүсүнөн ошондо,
Симфония угулат...
(Жалил Садыков)

"Ысык кол жонундо ырлар" дагы делет бүтө элек, ылдыйда дагы-дагы кызыктуу жалаң көл жөнүндөгү ырларды жаздык. Силер дагы көл жөнүндө ырларды билсеңиз, балким өзүңүз жазган ырлар болсо ушул баракчага жазып койгула.

Касиеттүү көл энем
Шамал жүрсө ак толкундар чамынып,
Күн батыштан күн чыгышка агылып.
Кыргыз күүсүн ойноп жатат Ысыккөл,
Күп-күп эткен добулбастар кагылып...

Ошол күүлөр не деген күү, не деген?
Күүнүн ээси сенсиң ыйык көл энем!

Алыс жүрсөм куса болуп сагынып,
Жакын келсем кусам таркап арылып.
Жай термелген толкундарың шыбырап,
Жаткансышат дайым мага жалынып.

Кабак бүркөп кайда жүрдүң дебеген,
Кагылайын касиеттүү көл энем!

Ойкуп-кайкып ак чардактар жабыла,
Куулар учат тизилишкен сабына.
Жылт-жулт этип жылдыз болот кубулуп,
Көктөн түшкөн күндүн нуру чагыла.

Оо, көл энем, мээрин төккөн баарына,
Жаралыпсың кыргызымдын багына.

Тоолор курчап учу көктү тиреген,
Булут учат асманыңды жиреген.
Жан жыргаткан сенин ушул көркүңө.
Жаттын көзү тийбесе деп тиленем.

Коюнуңа бакыт кушу түнөгөн.
Аман болгун касиеттүү көл энем.
(Жалыл Садыков, 20-апрель, 2004-ж.)
***
Көл махабаты
Көл титирейт... Жатат десем көл үшүп,
Толкундары жээкке жакын келишип,
Бир биринин айкалышып мойнуна,
Ойноп жатат чоп-чоп этип өбүшүп...

Жээке жетип, кайра тарта беришип,
Тыным албас селкинчегин тебишип...
Эбак, эбак унутулган жаштыкты.
Эске салат жүрөгүңдү эритип...
(Жалил Садыков 14-июль, 2006-ж.)
***
Жаштыгым көлдө
Кечке жуук, күн батаарга аз калган да
Биз бардык көл жээгине бир чумкууга
Ысыккөл кандай гана кереметсиң
Пейилиң кең, койнуң кенен ар адамга.

Көл жээги, шаттык күлкү орун алган
Кичине бөбөктөр көп чексиз жанган
Ойнотот, кубалатат көл аларга
Кошо ойноп, бала толкун кучагынан.

Энемсиң, ыйыгымсың сүйгөн көлүм
Эркелеп, ээн олтурган кенен төрүм.
Бал ширин бала күндөр сенде өтүп
Өзүңө шерик болуп төрөлгөмүн.

Бактым чоң көлдүк болуп калганыма
Жашырбайм, жаным кылып жанганыма
Жаштыгым сенде өтүүдө сенде калат
Окшошуп таза соккон желаргыга.

Көл, мен, ал биз үчөөбүз бирге жүрдүк
Чөмүлүп толкундарга бирге сүздүк
Чексиз деп, чекит койбой бул жашоого
Жүрөктөр ак тилекте бирге күлдүк.
(Сымбат Максутова 13-июль, 1992-жыл.)
***
Түбөлүктүү сырдашым
Мен отурам дале сенин жаныңда
Бирде ырдап, бирде муздап кайгылуу
Күнөө кылсам, же кубансам күнүмө
Адат кылдым сага Көлүм кайрылуу.

Сулуу болуп тармал чачтуу толкунуң
Өзүң менен өңүң да куп келишкен
Көркөмүңдү көз уялат караштан
Тунуксуң сен, тунук менин периштем.

Мен муну айтып эңкейгенде кол сунуп,
Курдаш десем - теңейсиңби курдашым?
Толкундарың бут - колумду өпкүлөйт,
Аппак таңым, түбөлүктүү сырдашым.

Жалгыз кайык көл түбүнө байланган
Убара ал чаалыккандай термелет
Көздөн учат көл ортосу сагынтып
Качан сызчу, зымырылчу кез келет.

Көл жээгинде жайлуу турмуш жай алып
Асманда куш, көлдө өрдөк чуу салып.
Термеп жатат жаз илеби дүйнөнү
Табигаттын музыкасы күү чалып.

Болду убакыт мен кетейин артыма
Байыр алам, бирок калбайм байланып.
Сагынчымды жууп салышка өзүңдөн
Мээримиңе келем кайра айланып.
(Сымбат Максутова, 6-апрель 1993-жыл.)
***
Ыр издеп келем, жээгиңе сенин
Таң атпай келдим таңкы жел соккон төрүңө
Жээгиңде токой, камыштар оскон буралып.
Байкабай жүрсөм бая эле өткөн мүнөттөй
Гүл бакча төрүм калыптыр жашыл чулганып.

Таң калам неге, каралжын тартат таң эртең
Кубулуп турчу билбепмин сенин өңүңдү
Теребел тынчтык, толкун жок жээкке урулган
Терметкен жеңил салкын жел алат көңүлдү.

Түркүн куш сайрап, күкүк үн безеп мукамдуу
Чар-тарап бейгам күү чалат укмуш түнөгүн
Сулуу жүз менен суктантып тартчу күчүң бар
Мухиттей таза мүрөк суум менин - чүрөгүм.

Сагынып сени, сагыныч отум жанганда
Жетелеп сага жан сезим агат буудандай
Ыр издеп келем жээгиңе сенин жай басып
Түгөйүн таппай, жалгыздап калган ак куудай.
(Сымбат Максутова, 1993-жыл.)
***
Ысыккөлгө
Таазим этем сенин улуулугуңа
Таасир берген жан дүйнөмдүн сугуна
Таза бермет, ыйык жерсиң Ысыккөл
Танбаймын эч, канбайм сулуулугуңа.

Кереметим мен өзүңдү сүйөмүн
Толкунуңда түшүмдө да сүзөмүн
Айжаркындуу жарык жүзүң көргөндө
Тең бөлүшөм кубанычтын сүрөөcүн.

Сүйөм сени, сүйгөн өңдүү Алыкул
Ырларына алтын шамдар тайгылткан
Сүйөм сени сүйгөн өңдүү Калыгул
Бейиш төрү Ысыккөл деп тааныткан
(Сымбат Максутова, 1993-жыл.)
***
Сулуу жерсиң - ысыккөлүм
Көлүм дедим, көлүм дедим... көк иңир
Көздөн учкан көк жээк сени сагындым
Айткым келет баштагыдай эң асыл
Бал татыган ширелүүсүн сага ырдын.

Бирок асыл сөздөр сага сыя албайт
Көп кооз жерлер көз уялтат.. тана албайм
Эң бир сулуу сөз жетпеген өзүңсүң
Сага арналган кооз сөздү табалбайм.
(Сымбат Максутова, 1997-жыл.)
***
Кышкы көл жээк
Отурамын көпкө тиктеп көз албай
Жүрөгүмө карааныңды кылып туу
Көлүм неге чайпаласың ээ бербей
Бүгүн мынча толкундарың албууттуу.

Катуу шамал кайдан келди капыстан
Кыштын каардуу кылычынан суурулуп
Суукту сезбей, кетким келбей көл сенден
Ниетимде калгым келди жуурулуп.

Чыйрыктырып шамал үйлөйт шаа жеткис
Күңгүрөнүп доошу күчтүү теребел
Мейли деймин тоготпоймун шамалды
Көл үстүндө өрдөктөр бар жана мен.

Бул чыйрыгуу убактылуу билемин
Денем калса анча-мынча шамалга
Бугуп жаткан ойлорумдан арылбай
Чыйрыгамын мен азыркы абалга
Чыйрыгамын мен азыркы турмушка.
(Сымбат Максутова, 17-февраль, 1993-жыл.)
***
Ысыккөлүм
Ысыккөл айтып бүткүс дастанымсың
Өмүргө нурду чачкан ак таңымсың
Канча ыйык жерлер кезип келсем дагы
Теңебейм, мейли алар так тагынсын.

Сүйүүмдүн миң бир түрүн сенден таптым
Күн чыкса кошо чыгып, батса баттым
Жээгиңден узап кетпей төрт мезгилде
Өзүңө өмүр болуп тамырлаштым.

Жылма өмүр, эритмеси коргошундун
Улууга, кичүүгө да көп кошулдум
Мендеги сырдын баарын билесиң да
Айтпайсың эч бир жанга, жан досумсуң.

Досумсуң, кээде эне, кээде бала
Айдайсың көңүлүмө консо санаа
Энедей эркелетип чачым сылай
Далбастап, коргой ичтен келбе балаа

Балалык кездер өттү арык-торук
Койнуңда чабак урган балык болуп
Буралып бойго жеткен жаштык өттү
Кумуңда, толкунуңда сынга толуп.

Сүйүүнүн шербет кошкон таттуулары
Кошумча, отко салган кайгылары
Келишти жылдар өтүп кетишти да
Күн чыгып, күн баткандай батты баары.

Адамдан бекем сүйүү таба албадым
Мүңкүрөп, тизелөөгө тил албадым.
Бир гана өзүң болдуң улуу Сүйүүм
Ысыккөл ыйыгымсың, бил ардагым.
(Сымбат Максутова, 22-февралъ, 2001-жыл.)

Көлгө барган эл сулуу,
Көл көтөргөн жер сулуу.
Төрт тарабын келтирген,
Төшүндөгү төр сулуу
Төр көлдүн сулуу экенин
Төбөсүнөн көр сулуу.
(Токуш Чолпонбаев, Ысык-Көлгө)

Көрсөм да түрдүү миң жайды,
Көрбөгөм бирок мындайды.
Созулуп жаткан Ысык-Көл
Соорусу жердин турбайбы!
(Байдылда Сарногоев, Жердин соорусу)

Ала-Тоо асман чалкып, суусу ташып,
Эргиштеп Ысык-Көлгө куюп жатат.
Ысык-Көл орто жери ойгон сымал.
Айлана сепил кармап койгон сымал.
Ортодо көз мелжиткен көпкөк деңиз,
Жээгинде сейил кылуу кандай кумар.
(Эсенкожоев Кусеин, Туулган жерге кайтканда)

Көл түнү
Көрк берип көлгө жаңылап,
Көк жылдыз улам жагылат.
Калкытып калак кайыкты
Кыз-жигит жылат нарылап.

Агыш нур төгүп ченебей,
Ай сылап бетин энедей,
Жыпар жел аңкып ашыгат
Жылдызды өпчү немедей.

Элесин көктүн кайчылап,
Эшилип толкун - талпынат
Сүрөтүн тартып жаткансып
Тоолорду кийген ак тумак.

Көрктөнткөн көлдү жаңылап,
Жылдыздар учса таң улап,
Коштошуп кошо жаткансып,
Көп толкун калды жамырап.
(Жумадил Бектуров)

Ыйык-Көл
Толкуну тоодой ташыган,
Ысык-Көл сага ашыгам.
Түшүмө кирсе элесиң,
Жаш бала сындуу жашыгам.
Ысык-Көл өзүң Ыйык-Көл,
Кыргызга бүткөн башынан.
(Камбаралы Бобулов)

Ысык-Көлүм
Чабак уруп толкунуңда ойнодум,
Көңүл ачып көк жээгиңди бойлодум,
Ак балыктай түпкүрүңө сүзсөм да,
Ысык-Көлүм кумарыңа тойбодум.

Арып келсем кубатымсың, демимсиң,
Ар оорудан айыктырар эмимсиң.
Тирүү эмес, өлүү жанды козголткон,
Ысык-Көлүм эмне деген сезимсиң?

Жанга дары күрпүлдөгөн толкунуң,
Угулгансыйт музыкадай шоокумуң.
Атырылсаң асман менен тирешип,
Ысык-Көлүм кана түшөт моокумум.

Толкун өтүп, туруп калсаң мелтиреп,
Жүрөк түшкүр токтоналбайт титиреп.
Үстүндөгү ойноп жүргөн ак чардак,
Ысык-Көлүм кучагыңа бир тиет.

Чабак уруп толкунуңда ойнодум,
Көңүл ачып көк жээгиңди бойлодум.
Ак балыктай түпкүрүңдө сүзсөм да,
Ысык-Көлүм кумарыңа тойбодум.
(Камбаралы Бобулов)

Ысык-Көлдүн толкуну
Ысык-Көл шамал жүрсө түрмөктөлөт,
Толкуну тоодой болуп үймөктөлөт.
Жээгинде көзүң жумуп тыңшап турсаң,
Жаткансыйт жер астында жер дүңгүрөп.

Ысык-Көл айбат кылат оп тартчудай,
Адамды ат үстүнөн оодарчудай.
Коркоктор түңүлүшөт жандарынан,
Арга жок кутулуудан соо калчудай.

Ала-Тоо Ысык-Көлдүн толкуну го,
Серпилип көк асманда катып калган.
Ысык-Көл Ала-Тоонун шоокуму го,
Астында кучак жайып жатып калган.
(Камбаралы Бобулов)

Көл жатат
Көгөрүп мында көл жатат,
Үстүндө ойноп ак чардак.
Жүрөмүн мында зеригип,
Келсеңчи жаным батыраак.

Көгөрүп мында көл жатат,
Көбүгү көккө чачырап.
Сүзөлү бирге жанашып,
Келсеңчи жаным шам чырак.

Көгөрүп мында көл жатат,
Көгөрүп мында таң атат.
Көгөргөн таңда жапжалгыз,
Эстесем сени жан катат.
(Камбаралы Бобулов)

Көңүлүмдө көл толкуйт
Көңүлүмдө көл толкуйт,
Көбүгү көккө чачырап.
Күрпүлдөп келип урунуп,
Берметин төгүп чачылат.

Толкуну ташып тоо болуп,
Жалама зоого урунат.
Томкоруп аны кетчүдөй,
Токтобой неге жулунат?

Көңүлдө учуп ак чардак,
Көк асман качан ачылат?
Бейкуттук турмуш кез келип,
Бороонум качан басылат?
(Камбаралы Бобулов)

Көл ыргактары
Көп жазды көл жөнүндө далай акын,
Көркөмү мынча неге жанга жакын.
Көл эмес көңүл чери экенсиң ээ,
Көп жашты сенден алат менин калкым.
А балким толкуп жазып жаткандырсың
Ала-тоо, ата-баба сонун салтын.
Ардактуу кең СССР аймагында
Ачылды, дагы ачылат, көлүм, баркың, жаркын даңкың!

Баарына салыштырып теңей албайм,
Баары бир баркыңды эч ченей албайм.
Күзгүсү көк асмандын өзүң белем,
Күч берген сага дайым көрктү тандайм.
Касиет как өзүңдү сулуу көлүм,
Канткенде сен жөнүндө күйүп-жанбайм.
Ыраазы боло калып эске түшсөң,
Ыракат ала калып ырымды арнайм, куру барбайм!

Алыкул аймагыңдан ырлар тапкан,
Айланып жайы-кышы келип жаткан.
Шоокуму көлдүн укмуш көргөн жанга
Шооладай карегиңе дароо баткан.
Дары деп далай жолу кайра келет
Даанышман алтын көлдүн сырын тарткан.
Алтын кум жээгиңден нурду жутуп,
Ар түрдүү арашандар оргуп аткан, ар тараптан.
(Мар Алиев)

Көл элеси
Ак куулар сылап канатын,
Акындар сынап талантын,
Акактай тунук Ысык-Көл,
Аларды тартмай адатың.
Ыракат алып өзүм да,
Ыр издеп кетип бараттым.

Жээгиңден толкун жылтылдайт,
Жел менен ойноп кылтылдайт.
Куушса чардак көктө ойноп,
Кумуңдан жаштар ыр тыңдайт.
Тоолордун болуп күзгүсү,
Толкундайт көлүм, бир тынбайт.

Шарпылдайт толкун ыр ырдайт,
Шарына көлүм кымылдайт.
Жылт эте көлгө көз артып,
Жылдыздар түндө жымыңдайт.
Ала-Тоо дагы ашык го,
Айбыкпай, көлүм, чыныңды айт.
(Мар Алиев)

Ысык-көл
Көркүңдү ырдап жазды далай акын,
Көрбөстөн жүрөгүмө болдуң жакын.
Айланам көркөмүңдөн Ысык-Көлүм,
Ааламды таңыркаткан сенин атың.

Болжосом сенден сулуу көл да жоктур.
Болсо да киргил тартып, тентек шоктур.
Алыстан сени эңсеп келген жандын,
Алоолоп жүрөгүндө жанган оттур.

Мен дагы эңсеп жүрүп, келдим сага.
Мээримдүү бир сырыңдан бергин мага.
Көркүңө көз кумарын ширештирип,
Көлкүгөн жээгиңде жаттым кана.

Бир көрүп, миң сагынып жүргөн чакты,
Болсомчу тереңинде сүзгөн балык.
Жайдыр-кыш жээгиңден алыс кетпей,
Жүрсөмбү эркин көрүп, сенде калып.

Көрүнбөйт өйүзүңдөн бийик тоолор,
Көркүңдү сүрөттөөгө жетпейт болжол.
Кай күнү пайда болгон ушул көл деп,
Кыялап учуп атат күлүк ойлор.

Жер бетин бүтүн алган өңдөнөсүң,
Жер аргы желип атса термелесин.
Дүйнөдө канча сулуу көл болсо да,
Деңиздин эң сулуусу жалгыз өзүң.

Дүйнөнүн бир бөлүгүн алгандайсың,
Деңизден кимдер бөлүп, көл дейт сени.
Сезимге сезим кошуп, жан сергиткен,
Сендей көл бул дүйнөдө болбос деги.

Айланаң болуш керек сан чакырым,
Асыл жер алган тура көл чатырын.
Жаралдың кайсы убакта, кайдан чыктың,
Жетпеди ойлой-ойлой эч акылым.

Болду экен бүткөнүңө канча кылым,
Бар чыгар чыкпай аткан терең сырың.
Байкалбай кокусунан чыга калып,
Бүрктүңбү сан миң жандын кайгы-муңун.

Байланса мындан мурун сенин бактың,
Бактуусуң - эми өмүрдүн нурун чачтың.
Онтолоп, үмүт менен келген жандын,
Оңолтуп, дартын кууп, көөнүн ачтың.
(Сатин Абдыкеримова)

Алыкул Ысык-Көлдү кандай сүйгөн?
Алыкул Ысык-Көлдү жандай сүйгөн.
"Мен акын" дегендердин арасынан,
Болбостур Ысык-Көлдү андай сүйгөн.
(Ташмат Арыков)

Ысык-көл
Кыялым окшоп куду ылаачынга,
Сейилдеп көлдүн жүрөм кылаасында.
Ысык-Көл!
Жалганды айтып не кылайын,
Чынында көл экенсиң бир асыл баа.

Жарышып толкун менен чөмүлүшөт,
Ал анан ысык кумга көмүлүшөт.
Күндүзү сенде болгон көрүнүшкө
Асманда күндүн дагы көөнү түшөт.

Биринен бири кантип бөлүнүшөт,
Сүйүүгө биротоло берилишет.
Түндөсү сенде болгон көрүнүшкө
Асманда айдын дагы көөнү түшөт.

Өзүңө жаш да келет, кары келет,
Көңүлү каалагандын баары келет.
Анткени, сенин суук, сенин абаң,
Алардын ар бирине дары келет.
(Ташмат Арыков)

Мына достор, "ысык кол жонундо ырлар" жыйнагыбыз ушундай, кайсынысы жакты, кайсынысы жакпады, эмнеси жакшы экен, эмнеси жаман экен, пикир жазып калтырсаңыз болот.

Сунуштайбыз:

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)