Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мектеп жонундо ырлар

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Мектеп жонундо ырлар

"Мектеп жонундо ырлар" жыйнагын бул жерде. Мектеп бул жашоонун устаканасы, бекеринен "кылым жаша, кылым оку" - деп айтылбаса керек. Келгиле анда ырларга орун берели. Айтмакчы, достор мектеп жонундо өзүңөр жазган төрт сап ыр болсо, силер дагы бул жакка кошуп койсонуз болот. Ал үчүн жөн гана пикир жазуу формасына жазып койгула.

Мугалим, акыркы конгуроо жөнүндө ырлар макаланын ылдый жагында

Мектеп жонундо ырлар

Мектепте билим кени бар,
Үйрөнөмүн, билемин.
Щыңгыраса коңгуроо
Классыма киремин.
Окуу - менин таалайым,
Окуу - менин тилегим.
(Алымкул Үсөнбаев)

Биз мектепке барабыз,
Терең билим алабыз.
Мектебибиз жөнүндө,
Ырдап көңүл ачабыз
(Ж. Абдыкалыков)

Мектебим
Жаркылдатып кабагын,
Агай берет сабагын.
Күндө барып мектепке,
Жаңылыкка канамын.

Сүйкүмдөтүп жамалын,
Эжей берет сабагын.
Ар күн окуп мектепте,
Терең билим аламын.
(Ж. Абдыкалыков)

Окутуп көптү үйрөткөн,
Тамгаларды сүйлөткөн.
Мугалим менин устатым,
Мектеп менин курдашым.

Биз барабыз мектепке,
Татынакай кийинип.
Терең билим алабыз,
Сүйүктүү агай-эжейден.

Мектеп биздин бактыбыз,
Келечекке сүрөгөн.
Эже-агай таалайыбыз,
Көптү бизге үйрөткөн.

Билимсиз, жете албайсың эч нерсеге,
Жете албайсың тилегиңе эңсеген.
Мектепте билим кени топтолгон,
Үйрөнөлү, окуйлу, ага-эжейди угалы.

Шыңгырады сентябрда коңгуроо,
Окуучулар шашып барат мектепке.
Татынакай, жаркын класста таптаза,
Окуганга талпынашат кыз-бала.

Билим алалы ага-эжейди таарынтпай,
Үйүбүз го мектеп биздин экинчи.
Көп сүйлөбөй көп угалы сабакты,
Кийин тиет чоң жардамы билимдин.

Эртең менен турамын,
Мектебиме шашамын.
Беш дегенди чогултуп,
Эки дегенден качамын.

Быйыл бүтүрөм мектепти,
Сагынам го аны мен.
Шаңдуу-шайыр классташтарым,
Эжейлерим, агайларым
Унутпаймын эч качан.

Мектеп деген бул эмне?
Мектеп деген чон сандык.
Тарбия, билим, тажрыйба,
Мунун баары ал жакта.

Эжей, агай, директор,
Парта, доска, указка.
Билим, сабат, акыл-эс.
Мунун баары мектепте.

Эжейлерге ырахмат,
Чыдап биздин окуткан.
Агайларга ырахмат,
Бизди урушпай аяган.
Мектебиме ырахмат,
Жашоо-турмушка даярдаган.

Салам сага мектебим!
Амансынарбы агай-эжейлер?
Кайрадан келип калдык биз,
Каникулдан кайттык биз.

Жап-жашыл май айы келип калды,
Коштошууга мезгил келди Мектебим.
Кош дебейм, көрүшкөнчө деп айтам,
Жашоонун да мектеби бар өзүнчө.

Он бир жыл бою окудук,
Учабызго эми биз.
Максаттарды такташып,
Рахмат айтып эжейге,
Ушул ырды сунабыз.

Бүгүн биздин мектепте,
Алиппенин майрамы.
Окуп калдык бүт таанып,
Отуз алты тамганы.

Көптү билип, көп окуп, алиппе менен достоштуп,
Сезимдерди ойготуп, оюбузга ой кошуп.

Жомокторду көп окуп, тентектикти таштадым,
Улуулардан иймерип, сылык болуп баштадым.

"Мектеп жонундо ырлар" кандай гана сонун, балалыкты эске салып, кандайдыр бир жаркын жашоо жышаанындай. Чындыгында мектеп бизгк таалим тарбия берип, реалдуу жашоодо дайындап өзүнчө бир тирүү организмдей сезилет. Ал жактагы мугалимдердин да эмгеги баа жеткис. Эске салып айтып коелу, ырлар жалаң гана мектеп жонундо, ал эми "мугалимдер тууралуу ырлар" өзүнчө макала кылып жакынкы арада даярдап бермекчибиз.

Мектебим алтын турагым,
Топ ойнодук бышылдап.
Бешти алдык кубанып,
Экини алдык томсоруп.

Билбептирбиз кадырын,
Агай менен эжейдин.
Сагынаарбыз го аларды,
Мектепти эстеп жылмайып.

Мектебим ай, мектебим,
Двоечник болбой, мыкты бол.
Бүтүп калды ырым менин,
Күндөлүккө беш толтур.
(Данакер Абдраев 6-класстын окуучусу)

Чуркайбыз залдан чурулдап,
Чуркагандан чарчабай.
Оку десе окубай,
Жыргап жүрдүк жадырай,
Эми билдик баркынды,
Жакшы бол деген наркынды.
(Данакер Абдраев)

Мектеп менен коштошуу,
Кандай кыйын классташтар.
Эжейлерди сагынып,
Кэлээрбиз го кайрылып.

Бантик байлап чачыма,
Кызыл гүл кармап колума.
Баратабыз мектепке,
Билим кенин казганы.

Калем биздин кетменибиз,
Дептер биздин кабыбыз.
Чогултабыз билимди,
Төкпөй-чачпай баарысын.

Жердин топтой экенин,
Жылдыздын алыс экенин.
Билип алдык мектептен,
Жардамы менен эжейдин.

"А" тамгасын үйрөткөн,
Рахмат айтам эжейге.
Үйрөнүүгө шарт түзгөн,
Рахмат айтам мектепке.

Турмуш татаал жолуна,
Жол көрсөткөн мектебим.
Акыл берип баарыбызга,
Чалыкпаган мектебим.

Президентти, спортсменди,
Даярдаган мектебим.
Сабат берип, жаркырап,
Жакшы кылган мектебим.

Чоң ачылып эшиктери,
Кучагын жайды мектебим.
Келгиле достор, келгиле,
Сугарылып билимге,
Сабаттуу болуп кеткиле.

Жашыл жалбырак жай бүтүп,
Алтын түстүү күз келди.
Билим алуу талыкпаган,
Биздин девиз аталат.

Жакшылыгын каалаган,
Мектеп бизге жардамчы.
Сабатынын баарын берген,
Мугалим бизге жардамчы.

Убакыт, учкан куштай сызып барат,
Барыбир мектеп менен коштошууга алып барат.
Кош дебеймин агайларым, эжейим,
Анан дагы эң сүйүктүү мектебим,
Бир гана "көрүшкөнчө" демекмин.

Кылчайып артка карап кайрадан,
Берекелүү мектебимден кетпеймин.
Балалык күндөрүмдү, кылам сага аманат,
Жакшылыгым мектебиме гана арналат.

Эртең бизде адабият сабагы,
Таң аткыча ыр жаттадым кайталап.
Күндөр өттү ушундай унуткус,
Эстесем мектебимдин жашоосун.

5-"Б" класстагы,
Алтынайды мен сүйдүм.
Кантип ага жаксам деп,
Күндө амал таппадым.

Кайдасын... балалыгым, мектебим,
Агайларым, эжейлерим сүйүктүү.
Сан-миң жыл өтсө дагы мен үчүн,
20 жылдыкта кезигебиз кайрадан.

Жакшы көрөм математика сабагын,
Жандай көрөм кыргыз, орус тилдерин.
Көбөйтүп билимимди, сабатымды,
Кемиттиң жалкоолукту, билбестикти.
Мектебим... сен болдун досум менин, балалыкта.

Мектепте бирге өсүп, бир окуган,
Классташтарым болгула дайым аман.
Айла жок, не кылабыз туугандарым,
Уядан куш да болсо учат экен.

Салам сага, амансыңбы, ак мектебим,
Татынакай келдим сага окуганы.
Көрсөтүп ак жолду, акылдыкты сен бизге.
Айтып берчи кенчтин баарын билим деген.

Мектеп бизди окутат,
Мектеп бизди үйрөтөт.
Жакшы жашоо-турмушка,
Акылдуулук, укмушка.

Турмушка багыт берип, жол көрсөткөн,
Чарчабай эмгек, сөзү, акылы менен.
Билимден айкөлдүктү, сый-урматты,
Беришкен биздин мектеп, эжей менен.

Дүйнөнүн сырларынын баарын ачып,
Мектепте үйрөнөбүз китеп ачып.
Мугалим айткандарын так аткарып,
Мектепти акылмандын үйү деймин.

Мектебиме
Кайрылып тууган жерге келген сайын,
Көңүлдө турса дагы баары дайын,
Көргүчө чый-пый чыгып шашып кетем,
Качанкы мектебимдин турак жайын.

Мен анда болжур кара бала элем,
Көрүнчү жыртык шымдан кычы денем.
Нан жок кез, кууруп берип жүгөрүнү
Мектепке узатуучу күндө энем.

Кышкысын класстар суук, тоңор элек,
Шор тартып мурундарды коер элек.
Антсек да түшүндүрсө сабак жөнүн,
Агайга чын ыраазы болор элек.

Ал жылдар алдас уруп өттү, кетти,
Турмушка арабасын ар ким чекти.
Бирок да эстей берем бизди окуткан,
Эсенкул, Сайпил, Токтор, Шамалбекти.

Бирөөлөр атын айтса жылып денем,
Эмне үчүн мен аларды эстей берем?
Тай-тайлап телчиктирди, талпындырды,
Андыктан ал эмгекке жетпес ченем.

Болсом да неберелүү жаш улгайып,
Илимден жай алсам да тамыр жайып,
Өзүмдү өз алдыңда бала сезем,
Өткөнчө бул дүйнөдөң жаза тайып,
Мектебим, сенин баркың ушунда го.
Билгенге бул сөзүмдө болбос айып.
(К. Артыкбаев)

Классташыма
Аңкыган жытын чачып бүрдөй элек,
Анда биз ачылбаган гүлдөй элек.
Алдыдан ата-энебиз чыгып калса
Аябай кылмыштуудай сүрдөөр элек.

Дүйнөгө жаңы келген жаздай элек,
Жаркырап жашоо наркын баштай элек.
О, чиркин, ал бир укмуш күндөр тура
Тамшантып кайра айланып келбес демеп.

Ойлосом жылдар агып суудан бачым,
Өмүрдүн өйдө ыргытып турат ташын.
Биз кайда, биз окуган мектеп кайда
Билдирчи дарегиңди классташым.
(Жапаркул Алыбаев)

Мектебим
Анда жаш кезим эселек
Апакем колдон жетелеп.
«Окуйсуң уулум» дегени
Оюмдан али кете элек.

Жарымы дептер, жарымы нан,
Портфелди алып мойнуман
Партага сүрдөп отургам
Балапан өңдүү корунган.

Тестелип сенден сезимим,
Теңиме азыр жетилдим.
Терсаяк болуп ошондо
Тентектик кылсам кечиргин.

Көпөлөк кармап, суу кечип.
Көк жонду ашып, жер кезип,
Кайырмак салып, ыр ырдап,
Капчыгай ичин терметип.
(Жапаркул Алыбаев)

Мектебим жана мен
Мектебимди мен ойлосом окуган,
Мелтиреген жайлоо таңы аткансыйт.
Сарсанаамды санга бөлүп ошондо,
Садык агай сабак өтүп жаткансыйт.

Сабагыңа тыңсыңбы, - деп,- садага,
Сартору атын акем келет желдирип.
Сабак келет эми деле санаама,
Сатар агай бөлчөктөрүн бөлдүрүп.

Алып келген ал мектепке ээрчитип,
Адам бол деп айтып мага эне-атам.
Алиппе окуган күндөн тартып эмгиче,
Агай, Эжей, сиздерди эстеп келатам.

Мектебимди көргөн сайын кез-кезде
Мээрим карайм, өткөндү эстеп чыйралам.
Уктап жатып азыр деле түшүмдө
Уят болуп, сабак билбей кыйналам.

Ары өтсөм да, бери өтсөм да жанынан
Айланчыктап киргим келет ичине.
Жалаң бешке окуур элем деп коём,
Жаш күнүмдөй бала болсом кичине.

Кечикпейли, алалы деп билимди,
Кедеңдешип келчүбүз таң заарынан.
Биз жетилдик, канат кагып уядан,
Билим алып эжей, агай баарынан.

Ошондогу мугалимдер ошол кез,
Ойдосуңар кетсек дагы ыраактап.
Мен өңдөнгөн далай жашты өстүргөн,
Мекениме, мектебиме ыракмат!
(Мар Алиев)

Мектеп
Биринчи ирет босогоңду аттаган
Мезгил зуулап өтүп кетти капкачан.
Азыр деле күн бүгүндөй сезилет,
Убактарым алиппеңди жаттаган.

Сезимдерге сенин чачкан жарыгың
Дал өзүндөй көзгө сүртөр дарынын.
Ала-Тоонун көлөмүнө барабар,
Ата-Журтка кошуп жаткан салымың.

Бүткүл санааң жеткинчекке бөлүнөт,
Мээримиңен бакыт нуру төгүлөт.
Болсоң дагы кичинекей жапыс там,
Аалам сенден көзгө даана көрүнөт.
(Ташмат Арыков)

Мынакей достор, окуучулар, мугалимдер "мектеп жонундо ырлар" аттуу макалалар аягына келди. Башында айтып өткөндөй эле мектеп жонундо өзүңөр жазган төрт сап ыр болсо да бул жакка пикир калтырып жазып койгула, көп түкүрсө көл болот дегендей ырларынарды биз макалага киргизип коебуз.

Жайгаштыруу: 2018-07-09, Көрүүлөр: 205872, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-10
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо