Сварканы же ширетүүнү кантип өз алдынча үрөнсө болот
Сварканы же кыргызча ширетүүнү кантип өз алдынча үрөнсө болот?Дата:
Сварканы же ширетүүнү өз алдынча үйрөнүп алса болот бирок, коопсуздук техникасын кармануу зарыл.
Эң башкы сабак: ширетүү десе эле, электр тогу менен темирди жабыштырабыз деп ойлойбуз. Бирок, бул андай эмес. Ооба, электр тогу менен пайда болгон электр догоо (орусча дуга) темирди эритет, бирок жабыштырууда эң негизги ролду электроддогу темир жөнөкөй тил менен айтканда клейдин ролун аткарат.
Мен өзүмдүн тажрыйбамдан айтсам, ширетип жатканда ойлочумун электр тогу менен эритип жабыштырат го деп. А бирок, мындай ойлоп алып ширеткенде, ширетүү өтө начар болуп, жыртык-тешик болуп калат экен. Ошондуктан, электрод болобу же жарым автоматтагы зымы болобу, ошол клейдин ролун аткарат деп ширетүүдө тажрыйба жана түшүнүү тез келет экен.
Пластик клей тапанчасын элестетсеңиз, биз ага пластик таякчаны салып, ошол таякча эригенде буюмдарды жабыштырат эмесбизби, дал ошол сыяктуу, бираз гана айырмачылыктар бар.
Ширетүү бул тез болбойт, шашпай жасала турган иш ошондуктан, ширетип жатканда темирди тешип салбаш үчүн же чала ширетпөө үчүн электродду жай жүргүзүү керек. Эми төмөндө кененирээк айтып берем:
1. Даярдык
Бул ширетүүдөгү эң маанилүү кадамдардын башкысы. Материалды тазалоо, ширетүүчү аппаратты, масса кабелин, электрод кармагычты, кол капты, масканы, ширенди түшүрүүчү балканы даярдоо керек.
Үйрөнчүктөргө Ø 2-2,5 мм электроддорду колдонууну сунуштайм. Булар көпчүлүк калыңдыгы 3 мм чейинки темирлерди ширетүүгө жана тажрыйба алууга эң мыкты. 3 мм электроддорду жакшы тажрыйба алгандан кийин гана колдонууну сунуштайм. Булар калыңдыгы 3 мм же андан ашык болгон металлдарга арналган.
Жумушту ачык жана күйүүчү материалдардан алыс жерде жасоо зарыл.
2. Негиздер
Догоону күйгүзүү. Электродду металлга ширеңке чаккандай кылып чыртылдатып алыңыз. Мында масса дагы бекем болуп бир орунга келет.
Догоонун узундугу. Ширетип жатканда электродду металлдан болжолдуу 3-5 мм алыстыкта кармоо зарыл. Өтө жакын болсо жабышып калат, алыс болсо догоо үзүлүп, өчүп калат.
Электродду кармоо бурчу. Негизгинен электрод бурчу горизонталдуу түздүккө жараша 60-70° болот.
3. Биринчи машыгуулар
Ар бир ширетүүдө ширетүүчү металлдын бети таза болуш керек. Эгер темирдин бети дат баскан, боёктордун калдыгы бар, май же кандайдыр бир кир тактар болсо, ширетүүгө өтө чоң тоскоолдук жаратат. Ширетүү бул биринчи кезекте тазалоо. Тазалоо үчүн өгөө, наждак же темир өгөө сыяктууларды колдонгула.
Чекиттер — калыңдыгы 2-3 мм чейинки темир пластинада кратерлерди (чуңкурларды) күйгүзүп көргүлө, бул догоонү кантип күйгүзүү керек экенин түшүнүүгө жардам берет.
Валик - электродду түз жылдырып үзгүлтүксүз ширетүү жүргүзүп көргүлө. Мында дагы эки темирди жабыштыруунун зарылдыгы жок. Жөн гана бүтүн жалпак темирдин үстүнөн ширетип жылдыргыла. Бул ширетүүнүн кандай болоорун түшүнүүгө жардам берет. Бул машыгууну калыңыраак темирге жүргүзүү жакшы, 3 мм же андан жука болсо тешилип калышы мүмкүн.
Жылан/жарым ай - жазыраак ширетүүнү өздөштүрүү үчүн анча-мынча электродду эки жакка термелтип ширетип көргүлө. Кайра эле бүтүн темирге машыккыла. Бул нерсе, аралыгы алыс жайгашкан эки темирди ширетүүнү үйрөнүүгө тажрыйба.
Электрод темирге жабышып калганда: дароо электродду оңго-солго кере-кере кыймылдатып, темирден ажыраткыла. Болбосо, ширетүүчү аппарат күйүп кетиши мүмкүн.
4.Тажрыйба
Мында ар кимиси ар кандай айтышат, айрымдары калыңыраак (3–5 мм) десе башкалары жукараак темирден (1,5–3 мм) баштоо керек дейт. Менин оюмча, үйрөнчүктөр баарын байкап көрүшү керек. Жука темир тешилип кетет, калың темирди ширетүү татаал. Ошондуктан, 2 же 3 мм калыңдыктагы эки темирди ширетүү тажрыйба үчүн жакшы деп ойлойм.
Тажрыйба баштоодон мурда кереги жок 2-3 мм калыңдыктагы анча чоң эмес темирди даярдап алгыла. Сөзсүз тазалагыла.
Эки темирди жакын коюп, ширеткиле. Ширетүүдө электродду үзгүлтүксүз же үзүп-үзүп (чокуп-чокуп) ширетүүнү жасап көргүлө. Үзгүлтүксүз ширетүү негизинен калың термирлерде жакшы, үзүп-үзүп ширетүү жука темирде жак.
5. Ширетүүчү аппараттын тогу
MMA (Manual Metal Arc Welding) же инвертордук ширетүү аппараттарында ток күчү электроддун диаметри боюнча коюлат: болжолдуу ар бир электрод мм 30-40 Ампер туура келет (мисалы, Ø3 мм электродго – 90–120 Ампер ток күнү).
Бирок, бул болжолдуу нерсе, негизи эле ширетүү сезимдер менен жүргүзүлөт. Ар бир ширетүүчү сезип-туюп өзүнө белгилүү бир ток күчүн жана ширетүү ыкмаларын таап алышат. Сиз дагы убакыттын өтүшү менен ошентесиз.
Ал эми жарым автоматтык газ менен иштеген ширетүүчү аппараттарда дагы сезип-тую менен ток күчү коюлат.
6. Кайсыл металлдарды ширетүүгө болбойт.
Электрод менен ширетүүдө дат баспаган темирлер, аллюминий жана жезди ширетүү мүмкүн эмес. Атайын электроддор менен болот, бирок сапаты начар болуп калат.