Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жылкычынын ыры

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Жылкычынын ыры
Жылкычынын ыры
Сөзү, обонуА. Айталиев

Асыл бир тукум мингеним,
Салкын төр жайлоо жүргөнүм.
Эриктим жылкы четинде,
Кайдасың келчи сүйгөнүм.

Жылкы оттойт чөптүн түрлөрүн,
Мен жыттайм жыпар гүлдөрүн.
Саанадан такыр чыкпайсың,
Сагындым келчи сүйгөнүм.

Ыргалса желге жалбырак,
Ыргыштап үркөт аргымак.
Камыкпа келет дегенсип,
Ай карайт көктөн жалдырап.

Кубанам жылкы бакканга,
Кыялым учуп асманга.
Жаныма келсең болбойбу,
Жылкылар жуушап жатканда.

Эл берген малын тапшырып,
Элеси күчтүү жашчылык.
Жайлоодо кетип баратсак,
Жанаша атчан бастырып.

Муздак төрдү жай кылып,
Бош кезде жорго салдырып.
Чарчаган кезде дем алсак,
Чаалыккан атты чалдырып.

Эс алып жайлоо оюнда,
Шар аккан суунун боюнда.
Кымыздан ичсең агай деп,
Кол чанач болсо колуңда.

Мен жылкычы, сен чабан,
Кыйкырып добуш үн салам
Өлкөбүз үчүн иштейли,
Өркүндөп өссүн гүл заман.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 8701, Өзгөртүлгөн: 2024-10-29, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо