Созу Калыктыкы Обону Ж. Шералиевдики
Кыз:
Мен бурдогон жазгы кырчын тал болсом,
Булбул болуп бутагына сен консон.
Тан атканча шаншып чыксан талыкпай,
Тал ичинен тандап келип сен консон.
Жигит:
Бурдогон тал буру тушсо бир чырпык,
Алып кетет керек деген эл кыркып.
Мункансан да булбул-сулбул болбоймун,
Аз кун сайрап тили катчу бир чымчык.
Кыз:
Алма болсом атыр жыттуу гулдогон,
Кукук болсон, гулдорумдо ундогон.
Гул аралап кутуп турсам жолундан,
Конор белен, колокомо кундо сен.
Жигит:
Гулун эмес алман бышса конбоймун,
Кополокчо гулдорунду сорбоймун.
Кукук деген жазында бар, куздо жок,
Жалынсан да кукук-мукук болбоймун.
Кыз:
Кыргый болсон, кыргоолго салгыдай,
Кыраан болсон, кылт дедирбей алгыдай.
Кымыз болсом балга кошуп чайкаган,
Ууртап койсон, суусунун бир кангыдай.
Жигит:
Кыргый болуп уча албаймын коколоп,
Байлап алып баккым келет бополоп.
Кышка жакын кыргоол алып бергин деп,
Кыйнасанар бир суйгонун экоолоп.
Кыз:
Аккуу болсом Ысыкколго сузгудой,
Колум тунук кун корунгон кузгудой.
Айчурокчо асманга учуп кетсем да,
Сен болбосон менден кудор узгудой.
Жигит:
Айчурокчо асманга учсан абалап,
Ак булуттан ары кетсен сабалап,
Алтын канат айырпылан болбосом.
Кантип издейм булутунду аралап.
Кыз:
Андай болсо сенден кудор узбойун,
Корунбосон колоконду издейин.
Ондуруштун балбан уулу сен болсон,
Омурлукко озун менен иштейин.
Жигит:
Колунду бер, эми суйуп кармайын,
Тилегине журогумду арнайын.
Экоо:
Бакыт берип гул жайнаган турмушта,
Жаш курбулар тен иштейлик ар дайым.