Жукеев Таабалды (1882-1930)


Жукеев Таабалды (1882-1930)Ысык-көлдөгү Жети-өгүз болуштугуна караштуу азыркы Көкмойнок кыштагында туулган. Көр оокаттын айынан ата-энеси көрүнгөнгө жалданып жумуш кылчу. Таабалды да тестиер тартаары менен козу кайтарганга, башка иштерге чегилди. Бирок ошондо да алардын турмушу оңолгон жок. 1899-жылы күзүндө өспүрүм Таабалды Жети-өгүздүк бир байдын сатыкка делген койлорун айдашып, Фергана өрөөнүндөгү Анжиян шаарына келген.

Бай менен чатакташа кетип, аны жалгыз таштап кетип калышат. Жалгыз калган Таабалды эптеп күн өткөрүп жүрүп Ташкен шаарына келди. Темир жол мастерскоюнда жумушчу болуп иштей баштады. Бул жерде деле адилдик жок экендигин, жумушчуларды өнөр жай ээлери - капиталисттер аёосуз эзип жаткандыгын көрдү. Жумушчу коллективине кошулгандан кийин Таабалдынын көп нерсеге көзү ачыла баштады.

Большевик жумушчулар менен байланышып, алардан адилдикке жетүүнүн жолун - революция жолун билди. Большевиктер партиясынын ар түрдүү тапшырмаларын аткарып жүргөн. Аңгыча биринчи орус революциясы - 1905-жылкы окуялар башталды. Таабалды Жукеев да революциянын ишине өз салымын кошту. Жукеев 1905-жылдан тартып большевиктер партиясынын мүчөсү болгон. Кыргыздардын арасынан биринчи болуп ал - адис революционер болду. Адис революционерлер падышанын желдеттеринен жашырынып тымызын иш жүргүзүшкөн. Алар өз ысымдарын жашырып, башка ысым менен жүрүшкөн.

Жукеевдин жашырын аты - Александр Александрович Пудовкин. Ошондуктан биз аны Жукеев-Пудовкин деп атайбыз. Революциячыл ишти өз эрки менен тандап алган Таабалды анын кыйынчылыктарына, падышалык желдеттердин кыйноолоруна да эрдик менен чыдады. Ал 1905-жылы сүргүнгө айдалган. Андан качкандан кийин 1907-жылы кайра камакка алынып, узак жылдар бою ар түрдүү түрмөлөрдө зарыгып күн өткөргөн. 1917-жылкы Февраль революциясы аны эркиндикке чыгарды.

Түрмөдөн чыккандан кийин да ал революциялык ишке жигердүү катышты. Ал эми Улуу Октябрь Социалисттик революциясы жеңгенден кийин өз ыктыяры менен жаш Совет республикасын коргоого аттанды. Граждандык согушта Кызыл Армиянын комиссары катары революциянын душмандары менен тайманбастан салгылашты. Граждандык согуш аяктагандан кийин туулуп өскөн жергеси - Кыргызстанга келип совет бийлигине каршы тымызын иш жүргүзүп жаткандардын бетин ачты.

Нарын аймагында кулактардын, байлардын козголоңун басууда өзүн чечкиндүү, кайраттуу чекист катары көрсөттү. Мына ошондуктан Нарында ага эстелик тургузулган. Эмгекчи элдин бактысы үчүн кан-жанын аябастан күрөшкөн революционер Таабалды Жукеевдин ысмы бизге дайыма кымбат, өмүрү - үлгү.

2016-05-23 1011 Биографиялар Жыргалбекова С. 2016-05-23

Айгерим
жакшы маалымат