TYUP.NET
Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Жоокер ыры: сөзү, обону Сыймык Бейшекеев

Жоокер ыры: сөзү, обону Сыймык Бейшекеев

Акыркы оңдоо:

Жоокер ыры, сөзүнүн жана обонунун автору Сыймык Бейшекеев

Элимдин бейпилдигин,
Намыска бек сактаймын!
Энеке, ак сүтүңдү
Эл коргоп, мен актаймын!

Кайырма (2 жолу):
Эр жигит эл четинде,
Азамат жоо бетинде.
Артымда кыргыз элим,
Ар дайым сезимимде (жүрөгүмдө).

Суйуктуу чек арамды,
Душманга аралатпайм.
Атаке, сөзүм берем,
Жүзүңдү жер каратпайм.

Кайырма (2 жолу):

Кыргызым, кутман элим,
Бейиштен бүткөн жерим.
Намысты алдырбайбыз,
Ишенгин, менин элим.

Кайырма (2 жолу):

Көрүүлөр: 11301
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо