Жээнбаев Жаныбек
Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.

1960-1969-жылдары Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын физика - математика институтунда газ разряддар физикасы лабораториясынын башчысы, 1969-1970-жылдары директордун илим боюнча орун басары, 1976-жылдан институттун директору жана атомдук спектроскопия лабораториясынын башчысы. 1993-жылы Кыргыз Республикасынын УИАсынын вице президенти жана президенти болуп эмгектенген. Жээнбаевдин негизги илимий изилдоолору атом спектроскопиясы менен плазма физикасына арналган.
Анын жетекчилиги менен Кыргызстанда биринчи жолу томонку температуралуу плазма генератору тузулуп, бир жана эки агымдуу плазматрондор, плазма диагнозун коюу методдору, спектроскопия жолу менен анализдоо иш жузундо колдонулууда. Жээнбаев 200дон ашык илимий эмгектин, анын ичинен 20 ойлоп чыгаруунун, 6 монографиянын автору. Кыргызстан Улуттук Илимдер Академиясынын Физика-математика институтунда газ разряддар физикасы лабораториясын уюштурган.