Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаныбеков Чабалдай

Баш барак | Биографиялар | Жаныбеков Чабалдай

(1930-жылы туулган, Ысык-Көл району, Чырпыкты айылы) - математик жана окумуштуу-механик, техника илимдеринин доктору (1992). 1951-жылы Бишкек шаарындагы педин-тту бүткөн. 1951—52-жылы Нарындагы мугалимдер интунда мугалим, 1953—56-жылы аспирант, 1956—67-жылы Кыргыз кыз-келиндер пединститутунда окутуучу, 1967-жылдан Кыргыз Республиканын УИАсындагы Автоматика институтунда ага илимий кызматкер, 1975жылдан лаборатория башчысы. жылы 165 илимий эмгектин (анын ичинде илимий жана ил.-усулдук мүнөздөгү 11 монография) жана окуу китептеринин автору. Негизги илимий эмгектери: үндүн ылдамдыгына жакын ылдамдыктагы учуучу аппараттардын кыймылын; каналдардагы суюктуктардын агымына байланышкан сызыктуу эмес процесстерди; бир тектүү эмес көп катмарлуу чөйрөдөгү жер астындагы суулардын кыймылын; чарбаларда иштетилгенден кийинки суулардын жер астындагы булганышын прогноздоону жана башкалар изилдөөгө арналган. Медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 629, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо