Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жантемиров Асанбек

Баш барак | Биографиялар | Жантемиров Асанбек

(1908, Ак-Суу району, Тепке айылы -1990, Жыргалаң с-зу) - артист, режиссёр жана обончу. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1947). Каракол шаарындагы зоотехникумун (1924), Москвадагы Луначарский атындагы театр интун (1937) бүтүргөн. Адегенде Караколдогу колхоз-совхоз театрында (1937—40) артист. 1940—52-жылы Өзгөн элдик театрында режиссёр, 1953—64-жылы Тоң районундагы «Төрткүл» колхозунун маданият үйүндө көркөм жетекчи болуп иштеген. Бул жылдардын ичинде К. Жантөшевдин «Ким кантти», Р. Шүкүрбековдун «Жапалак Жатпасов» аттуу комедияларын жана башкалар ондогон спектаклдерди койгон. жылы обончу катары таанылган. «Гүлдөп ал», «Үлгү ырлары», «Күлүп кой», «Күлүмкан», «Талаанын гүлү селкиге», «Батмажан», «Эмне кызык», «Күттүм сени», «Күкүк», «Сыргажан», «Көл жээгинде» жана башкалар обондору мукамдуулугу, жаркындыгы, жаңылыгы, көркөм каражаттарынын оригиналдуулугу менен айырмаланат.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 766, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо