Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жанкорозова Алиман

Баш барак | Биографиялар | Жанкорозова Алиман

Жанкорозова Алиман1916-жылдын 31-декабрында Ысык-Көлдүн чыгышындагы Түп районуна караштуу Сары-Тологой айылында төрөлгөн. «Кичине чагымда эле кыздарга мүнөздүү уяңдык, кысылып-кымтылгандык, тартынчаактык менде жок эле. Тескерисинче, эркек баладай тентек да, элпек да элем. Айылдагылар атам Жанкорозду аябай кадырлашчу, анын адамга кайрымдуулугу, боорукердиги, «өз, жат » деп болбогон калыстыгы, ичине кир сактабаган ачык – айрымдыгы ошончолукка жеткириптир» - Алиман апанын эскерүүсүнөн.

Атасы Жанкороз кызын эркек мүнөз, тайманбастыкка, чынчылдыкка тарбиялаган. өзүнүн күлүгүн кызына гана ишенип чаптырчу экен. Өзү сабатсыз болгону менен, балдарын сабаттуу кылууга аракеттенчү. Ошондуктан эс тартып калган мезгилинде жаңы ачылган айылдык мектепке бир тууган агасы менен бирге окуп калган. Yч жылдын ичинде беш классты бүтүрдү. Кичинекей кезинен куйма кулактык, ыр жандуулук мүнөз калыптанган.

Анткени атасы «Атаң барда эл тааны, атың барда жер таны» дечү экен. Кыргыз жергесинин кооздугу, Ысык-Көлдү кубулган көркү, атасы менен бирге жүрүп Карамолдо, Ыбрай, Чалагыз, Орозакун, Каптагай аталардын комуз черткенин, Саякбай атанын «Манас» айтканын көргөнү, укканы кийн өзүнүн актерлук чеберчилигине көп пайдалуу болду. Ошентип 1931 жылы октябрь айында Фрунзеге келет да Касымалы Бектеновтун жардамы менен искусствого кадамды 1932 жылы радиокомитетинде дикторлук менен баштаган. Радио ал мезгилде элге жаңыдан тарап бара жаткан, маданий жана техникалык жаңылыктардан эле.

1933 жылы Шейше Орозовтун сунушу менен театрдын босогосун аттап, артистик кесиптин эмне экендигин Кыргыз Мамлекеттик музыкалык драма театрында баштаган. «Алиман Жанкорозова - актрисага табият келишимдуу бойду, онду-тусту да, чырай менен кошо бир коргондо адамды тартып алган жылдыздуулукту да, чечкиндуулукту да, аял затка тиешелуу озгочо назиктикти да, энелик мээрими да, ырдайм десе унду, чукугандай соз таап, тартынбай оюн айткан ачыктыгы, шамдагайлык менен илбиринкиликти чогултуп берип койгон сыяктуу », жазуучу- журналист Асанбеков Сарман чыгармачылык портретинен.

1934 жылы өзгөн колхоз-совхоз театырын уюштургандардын бири болгон. Ал мезгилде артистерди «маскарапоздор» деп шылдыңдашканы, сахнада аялдын ролдорун эркектер аткаргандыгы белгилүү. Эл арасында диний көз караштар оңбогондой өкүм сүрүп турган шартта аял үчүн театр өнөрүндө тайманбай, өзгөчө өзгөндө иштөө бир топ чечкиндүүлүктү, ар кандай кыйынчылыктын баарына кайыл болууну талап кылды. Кыргыз АССРинин комиссариатынын чечими менен Дооронбек Койчумановту өзгөн театрынын жетекчиси, Алиман Жанкорозованы биринчи актрисасы жана уюштуруучулук милдет жүктөлгөн.

«Биздин негизги максатыбыз: эл арасынан таланттарды таап, аларды баш коштуруп, театр уюштуруу. Ал үчүн үлгү көрсөтүп «Алай артында» деген пьесаны даярдап, концерт коюп, айылдарды кыдырышып иш башташкан. Пьесадагы кыздын ролун Алиман- апа аткарып, ал эми башка аялдын ролун – кыздын энесин артист Мажит Рыскелдиев аткарган. Өзгөн театрынын актердук коллективи өзбек фольклордук театрында кеңири орун алгандыктан кыргызча тексттерди, обондорду, кыргыз музыкаларынын интонацияларын пайдалануу, тандоо Шарше Жунушев, ал эми ролдорду А. Жанкорозова аткарчу.

Өз учурунда, бул чакан коллектив элди жаңы турмушка чакырып, аялдардын паранжысын алдырууга, эзелтен басынган кедей- кембагалдардын коомдук активдүүлүгүн көтөрүшкөн. 1937 жылы – Караколдогу Ысык-Көл областтык драма театрында, 1962 жылы- Нарын областтык музыкалык драма театрында, 1973 жылы- Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштеген. Жылдын он эки айынын жети-сегиз айын гастролдордо өткөрдү. Актердук чыгармачылык: өзү ырдап, обондорду чогултуп, ырлар чыгарып, спектаклдерде да, концерттерде да, бирдей эле ийгиликтерге жетишип элдин ыраазычылыгына батты. өзүнүн жеке чыгармачылык жолун табуу үчүн атактуу кесиптештеринин да, улуу режиссерлордун эмгектеринен да, турмуштан да үйрөнүү керектигин терең сезди. Актерлук чеберчилигин көтөрүү үчүн, 1938 жылы биринчи жолу Кыргыз ССРинин эл комиссарлар совети эки айлык актерлук курсту уюштурушту, он сегиз актердун ичинде Алиман Жанкорозова да даярдык өттү.

Алиман Жанкорозованын театрда аткарган ролдору:
Д. Койчумановтун «Алай артында»- кыздын ролу (1934ж.)
М. Токтобаевтин «Кайгылуу Кекей»- Кекейдин,(1934ж)
К. Жантошевтин «Карачач»- Карачачты,(1935ж)
К. Маликовтун «Күлүйпа» - Күлүйпа (1937ж)
Ж. Боконбаевтин «Токтогул» - Бурма
О. Сарбагышевтин «Майдан»
Ж. Туруспековдун «Ажал ордунда»- Зулайка
К. Жантошевтин «Курманбек» - Айганыш
К. Маликов, А. Куттубаевтин «Жаңыл Мырза»- Жаңыл
Н. Гогольдун «Yйлөнүү» - Агафья
Ч. Айтматовтун «Жамийла»- Жамийла
М.Каримдин «Ай тутулган кундо»- Тангабике
М. Бажиевтин «Байыркы Жомок»- Сур эчки
К. Эшмамбетовтун «Кара туман»- Оксана,(1946ж.)
А. Токомбаевтин «Ант»
К. Симоновтун «Орус адамдары»- кемпирдин ролу
К. Жантошев «өч»- партизанка Раиса
А. Фадеевтин «Жаш гвардиясы»
Ш. Бейшеналиевтин «Уядан учкандарынан»- кемпирдин
А. Кобогоновтун «Болот менен Тынарынан»-Мастан кемпир
К. Эшмамбетовтун «Эгиз баласы»- Канышай менен кемпирдин Б. Жакиевтин «Миң кыял»-Токтогулдун энеси
Ч. Айтматовтун «Кызыл жолук жалжалым»-эненин (1966ж.)
Ж. Турусбековтун «Ажал ордунда»- (1970ж)
Ж. Боконбаевтин «Алтын кыз» - Зулайканын энеси
К. Жантошевтин «Шайтан кыз»-Көкшалкы (1965ж.)
жана башка башкы каармандардын образын түзүп алардын ички сырын, кулк- мүнөзүн, жөнөкөй, жеткиликтүү даражада бере билген, турпаты улуттук колоритке каныккан актёр деп саналган.

Пржевальский театрынын «Токтогул» спектаклинде башкы карман Бурманын ролун жогорку деңгелде көрсөтө алгандыгы үчүн Фрунзеде өткөрүлгөн биринчи кароодо маданият коомчулугу тарабынан жогоруу бааланып, Кыргыз ССРинин Жогорку Президиумунун Ардак грамотасын алууга татыктуу болду. 1939, 1958 жылдары Москвада өтүүчү театрлардын Бүткүл союздук кароосуна манасчы –Саякбай Каралаев, кыргыз күүлөрүнүн дөө-шаалары болгон Ыбырай Туманов жана Кара Молдо Орозовдор менен чогуу катышкан.

1967 жылы театр жана кинодо актердук өнөрүн баалап «Кыргыз ССРинин эл артисти» жогорку наам тапшырылган. Театрда кырк жыл кызмат өтөп, бүтүндөй адамдык кудуретин, талантын, сүйүүсүн берген Алиман Жанкорозова акыркы төрт жылга жакын учурун, Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында эмгектенип, Республикалык персоналдык пенсияга чыгып театр сахнасы менен биротоло коштошуп ардактуу эс алууга чыккан. 50-60 жылдары Кыргыз кинематографиясы жаңы гана өнүгүп жаткан мезгили.

Театр А. Жанкорозова үчүн актердук чеберчиликтин лабораторисы болуп, кинематографияга бай чыгармачылык багаж менен кирди. Алгачкы «Тянь-Шандык кыз» ( 1961 ж.) режиссер А. Очкин, филиминде А.Жанкорозова Алтынайдын энесин Зууранын ролун аткарды. Экинчи жолу «Бакайдын жайыты» - режиссер Т.Океев (1967 ж.), Бакайдын ролун-Муратбек Рыскулов, Урум – А. Жанкорозова. Бул кинотасма Орто Азия республикалары менен Казакстан кинофестивалында Алиман Жанкорозова аялдын ролун мыкты аткаргандыгы учун Диплом менен сыйланат. 1973 ж режиссер Төлөмүш Океевтин «Көк серек» филиминде Курмаштын чоң энесин, татаал оор турмушту көрсөтө алат. Эгерде «Бакайдын жайыты»- мээримдүү эне, күнүмдүк турмуштагы аялдын ордун көрсөтсө, «Жамийлада»- лирикалык максатында эненин элесин берсе, «Көк серекте»- каардуу чындыктын чеңгелине калган Чоң эненин элесин берет.

«Уркуя»- режиссер Т.Океев –колхоз курулушунда аялдардын чоң ролу көрсөтүлгөн, «Көчө» - режиссер Генадий Базаров (1972ж.), «Кызыл алма»- режиссер Т.Океев (1975 ж.), Сүймөнкул Чокморов сүрөтчүнүн калеминен жаралган Эненин монументалдык бетбейнесиндеги А.Жанкорозованын жандуу образы Кыргыз мамлекеттик сүрөт музейинин алтын фондусуна алынып, музейдин көргөзмө залында татыктуу орун алган. Yсөнжан Ибрагимовтун «Таштагы жылмаюу», Д. Садырбаевтин «Айыл мозайкасы», «Каныбек» - режиссер Г. Базаров (1978 ж.), Б. Шамшиеев «Касиеттү көл» (1971ж.), «Ата журт»- Г.Базаров, «Я Тянь-Шань»-режиссер Ирина Паплавская, «Бирөөнүн бактысы»- «өзбекфильм», «Ак жолтой»- телефильм, «Бурма», «Терек канча жыл жашайт», «Он үчүнчү небере», «Ак илбирстин тукуму», Мар Бажиевтин «Жылмаюу» жана «Таене» режиссер Аман Камчыбеков, Д.Садырбаевтин «Арман» телефилими, жана башкалар.

«Алиман Жанкорозованын чеберчилигин, интуициясын айгинелөөчү бир факты: фильм тартылганда ушул эле эпизоддон башы мурда тартылып, ортосунан жумалар өтүп кеткендигине карабастан эч кандай репитициясыз эле мурдагы настройду дароо эле улантып, образга тез эле кирип келет.» -актер жана режиссер Аман Камчыбековтун эскерүүсүндө. «Ак илбирстин тукуму» - режиссер Т.Океев (1985 ж.), филимди жараткан режиссер, сүрөтчү, Сайкал энени ойногон А.Жанкорозова СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Сайкал эненин образы кыргыз элинин рухий маданияттын өлбөстүгүнүн, тасирдүүлүгүнүн, күчтүүлүгүн туюнтуучу символ катары А.Жанкорозованын аткаруусунда таасир гана жаратпай, Кожожаш филиминдеги окуялардын, алардагы түркүн адамдардын ички аракеттеринин борбору болсо, актриса биздин Эне тууралуу түшүнүктөрүбүздү жалпылаштырып, көтөргөн монументтүүлүккө чейин жеткирген. Эне темасы – Алиман Жанкорозованын чыгармачылык өмүрүндө негизги тема экендигин түшкөн филимдери көргөзүп жатат. Көпчүлүк журт «Театр сахнасынын жылдызы»- деген сүймөнчүлүк атка ээ кылса, кыргыз киносу «Умай эне» - деген элдик наамга татыктуу болгон.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 1070, Өзгөртүлгөн: 2016-10-19, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо