TYUP.NET
Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Жалоодо (ыр), сөзү Ж. Садыков, обону Ж. Мамбеталиев

Жалоодо (ыр), сөзү Ж. Садыков, обону Ж. Мамбеталиев

Акыркы оңдоо:

Жалоодо (ыр), сөзү Ж. Садыков, обону Ж. Мамбеталиев. Айкөл тобунун аткаруусунда.

Жайлоодо өткүн өтөт ыбыр-дыбыр,
Жүрөгүм эмнегедир ымыр-чымыр.
Карачы нота билип калганда не ай,
Угулат музыкалуу бир сонун ыр.

Кайырма:
Аттин, аттин музыкалык сабатым жок,
Кушка окшош уча турган канатым жок.

Жайлоодо булак үнүн угам жыргап,
Не деген сүйкүм добуш, сүйкүм ыргак.
Кагазга нота билсем түшүрсөм не ай,
Бул ырды жүрбөйт беле ар ким ырдап.

Кайырма:

Таңшыган кыл кыякта назик кылдай,
Боз чымчык сайрап жатат жаны тынбай.
Кагазга нота билсем түшүрмөкмүн ай,
Ордумдан тыңшап туруп кадам жылбай.

Кайырма:

Көрүүлөр: 1998
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо