Жайлоодо (ыр), сөзү Абдрасул Токтомушев, обону Калый Молдобасановдуку
Мемиреген жайкы жайлоо таңында,
Балдан ширин таттуу уйкуга батканмын.
Жагымдуу бир сезим берди жаныма,
О, жылкычым, сенин ырдап жатканын.
Камбар ата сан жылкынын башында,
Таңга карап кошуп, ыгып тургандыр.
Ырчы жигит түн күзөтүп кашында,
Ойгонсун деп, мага көңүл бургандыр.
Балким менмин балким, тигил ак келин,
«Бекбекейлеп» улуу тоодон үн каткан.
Каршы эмесмин тапкандарга тең-теңин,
Кызык экен үн алышып мал баккан.