Валиханов Чокан Чыңгызович


(1835, Кушмурун өндүрү, азыркы Жети-Көл району, Костанай облусу -1865, Алтын Эмел өндүрү, азыркы Талды-Коргон облусу) - казактын туңгуч илимпозэнциклопедиячысы, демократ агартуучусу, саякатчы, сүрөтчү. О. Азияны изилдөөчү. 1853-жылы Омскидеги аскер окуу жайын (кадет кЬрпусун) бүтүргөндөн кийин Батыш Сибирь генерал-губернаторунун карамагында кызмат өтөгөн. Кыргыз, казак жана башкалар чыгыш элдеринин тарыхын, географиясын, этнографиясын, маданиятын, тилин изилдеген. түштүк-Чыгыш Казакстан (1855—59), Кыргызстан (1856-, 1858—59-ж.; негизинен Ысык-Көл өрөөнү), Кулжа (1856), Кашкар (1858—59) тарапка саякат жасаган.

Бул аймактардын табияты, тарыхы боюнча кеңири материалдарды чогултуп, аны менен орус окумунггууларын таанынггырган. Ысык-Көл боюнун жана Тянь-Шань сырттарынын табиятын, кыргыз тарыхын, этнографиясын, рухий жана материалдык маданиятын изилдеген. Түп өрөөнүндөгү кыргыз акынынан «Манас» эпосунун үзүндүсүн («Көкөтөйдүн ашьш») жазып алып, анын тарыхый-маданий маанисин жогору баалаган. Ысык-Көлдүн көрүнүшүн жана өрөөндүн табиятын чагылдырган сүрөттөрдү тарткан. «Ысьпс-Көл күндөлүгү» (1856), «Кыргыздар жөнүндө жазмалар», «Жуңгар очерктери» жана башкалар эмгектеринде Ысык-Көл өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүнүн табияты жазылып, тарыхый-этнографиялык маалымат, кыргыздардын үрп-адаты, эл чыгармачылыгы баяндалган.

2016-05-27 1164 Биографиялар Жыргалбекова С. 2016-05-27