Белгилүү манасчы, акын У. Мамбеталиев 1934-жылы 8-мартта Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу айылында туулган. Ал 1955-жылы өз айылындагы М. Элебаев атындагы орто мектепти бүтүп жоокердик милдетин өтөп келип, эмгек жолун 1957-жылы областтык К. Жантөшев атындагы драма театрында иштеи баштаган. Бала кезинен ырга шыктуу боз улан эл шайырларынын аткарган чыгармаларын кунт коюп угуп, өзгөчө Манас үчилтигин кызыгып окуп, Манас баатырдын жоокердик жүрүштөрү тууралуу баяндамаларды жаттап айтып жүргөн. Өзүнөн улуу манасчылардан билим алып түшүндө, аян коргон күндөрү да болуптур.
Анын Саякбай Каралаев менен биринчи жолугушуусу өзгөчө таасир калтырган жана Манас айтуучулук ишинин башталышына негиз болгон. Театрдын жоюлгандыгына байланыштуу Бишкекке келип Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда манасчы кызматына орношуп, ошол жактан ардактуу эс алууга чыгат. 1982-жылдан тартып Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин мүчөсү, республикалык басылмалардан Көктөм (1968), Жол ырлары (1972), Тоо жылдызы (1975), Ашуу (1979), Алтын аяк (1982), Таазим (1985), Тулпарлар (1988), Арчажыты (1994), Кабылан курак дүбүртү (2004) аттуу тандалмалар жыйнагын кошкондо тогуз поэтикалык китептин автору.
У. Мамбеталиев манасчы катары Манастын чоң казатка аттанышы, Кичи казат, Көкөтөйдүн ашы деген сыяктуу үзүндүлөрү манастаануучулар тарабынан кол жазма түрүндө жактырылып, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын Манас таануу бөлүмүнө кабылданган. Манас эпосунун 1000 жылдык мааракесинде Семетей эпосунун бир бөлүмү анын вариантында жарык көргөн. Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы 28 сааттык Манастын үзүндүлөрү анын айтуусунда радионун алтын фондусуна жазылган.
Манасчылык өнөрдү кесип кылууга, ошондой эле ага жан дүйнөсү менен кирүүгө биринчи тамсилчиси С. Каралаев менен С. Орозбаковдун вариантынын таасири болсо, кийин Ы. Абдыракмановдун түздөн-түз таасири зор. Андан ал Манастын сюжет осушу, Манас айтылуучу салт катары айтылып келе жаткан туруктуу өзөк окуялары аркылуу кеңири таанышып, Ыбрайымдын айтуучулук чеберчилигин үйрөнгөн.
1997-1998-жылдары Саякбай, Сагымбай, Молдобасан өңдүү манасчылардын Манастын төрөлүшү, Манастын колду жабдышы, Алмамбет менен Чубактын чатагы, Кошой менен Жолойдун күрөшү, Коңурбай менен Манастын сайышы, Каныкейдин Тайторунун чапканы, Семетей менен Тоо балбандын күрөшү, Семетейдин Таласка келиши эпизоддордон үзүндүлөрүн өзүнүн концерттик программасында аткарып келген.
Кенже эпосторго да көңүл бөлүп Төштүктүн алдына түшүшү ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевге арналып жазылган Чолпонбай дастанын да Манастын обону менен айтып жүрөт. Кыргызстандын искусство мыктылары менен бирге Япония, Италия, Кытай, Түркия жана башка чет жерлерде гастролдо болуп Манасты даңазалап айтып келген.
Кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө, Манас эпосун өркүндөтүүгө пропагандалоого кошкон салымы үчүн ага КРнын эмгек сиңирген артисти (1991-жыл), Кыргыз Республикасынын Эл артисти (1994-жыл) деген наамдар ыйгарылган. Ардак грамота жана III-даражадагы Манас ордени менен сыйланган.
Көп кырдуу акын, өз доорунун таланттуу уулдарынын бири эле. Уркаш Мамбеталиев 2011-жылы 77 жашында дүйнөдөн кайткан.
Суроолор, сунуштар же кошумчалар болсо төмөндөгү пикир жазуу формасына жазгыла