TYUP.NET
Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Түшүмдө (ыр): обону Ж. Эралиев

Түшүмдө (ыр): обону Ж. Эралиев

Акыркы оңдоо:

Түшүмдө (ыр), сөзү элдики, обону Ж. Шералиевдики

Түдөгү (гана) менин (ээ-й) түшүмдө,
Түйүнүн (гана) чечип (эй) түшүнсө,
Түңүлбө (гана) менден (эй) жаш көңүл,
И койчу түбөлүк (а) үчүн (эй) түзүлсө.

Абалкы менин түшүмдө,
Абайлап эркем түшүнсө,
Алдагы көргөн ал түшүм,
Айныбас үчүн түзүлсө.
Түшүмдө көрүп сени мен,
Түн уйкумдан тим кайтам.

Сен үчүн көргөн түшүмдү,
Өзүңдөн башка кимге айтам.
Санаама түшсөң ар дайым,
Сабылып жүрөк оорутам.
Сен үчүн көргөн түшүмдү,
Сырдашып кимге жорутам.

Көрүүлөр: 3706
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо