(1928-жылы туулган, Түп району, Талды-Суу айылы) - физиолог, медициналык илимдеринин доктору (1966), профессор (1967). Кыргыз Республиканын илимге эмгек сиңирген ишмери (1991). 1952-жылы КММИни бүтүргөн. 1955—58-жылы КММИнин нормалдуу физиология кафедрасынын ассистенти, жалпы гигиена кафедрасынын доценти, 1958—65-жылы Кыргызстан Илимдер Академиясынын Крайлык медициналык институтунда бийик тоо физиология лабораториясына башчы; 1965—73-жылы Кыргызстан курортология жана физиотерапия илимий изилдөө институтунун директору. 1973-жылдан Кыргыз мамлекеттик физкультура институтунун ректору, 1985-жылдан ошол эле институтта кафедра башчысы; профессор.
Т. 185 илимий (анын ичинде 6 монография), 52 ил.-популярдык эмгектин автору. Эмгектери негизинен Кыргызстандын бийик тоолуу шартында адаптациянын формасы менен механизмине, спортко машыккан балдардын организминин физиологиялык жактан өсүшүн, ишке жөндөмдүүлүгүн жана функциялык өзгөчөлүгүн изилдөөгө арналган. Ал бийик тоолуу жерде жашаган балдардын вегатив жана соматикалык өсүү нормативин аныктаган.
Толук маалымат менен таанышуу акылуу, 1 күнгө - 100 сом, 30 күнгө - 500 сом, 365 күнгө - 5000 сом. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз аккаунтуңузга кириңиз.
Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.