Тургунбай Садыков


Тургунбай Садыков 1935-жылы Баткен облусундагы Говсурар айылында туулган. Анын чыгармачылык шыгы эрте ойгонуп, эсинде түбөлүккө сакталып калган бир окуя балким, болочок сүрөтчүнүн тагдырындагы бурулуш мезгил болгондур.

Күндөрдүн биринде айыл четинде курбулары менен ойноп жүрүп, жол боюндагы жумшак топуракка атчан адамдын сүрөтүн тартып жатты. Аңгыча жол боюнда өтүп бара жаткан жолоочулардын бири сүрөттү байкап, ат тизгинин тартып токтойт да: Азаматсың! Сен сүрөтчү болосун, - дейт баланы карап.

Ал кишинин баа берип айткан бул сөзү болочок скульпторго катуу таасир берди белем, ал ошондон тартып сүрөт менен алектене баштайт. Мектепке баргандан кийин да, сүйгөн өнөрүн улантып, дептердин бетин толтуруп, тоонун, куштун, айбанаттын, жомоктогу каармандардын сүрөтүн тарта берет.

Атасы согуштан кайтпай калып, энеси көз жумган соң, Тургунбай Ош шаарындагы мектеп-интернаттан окуп, тарбия алат. Мектеп-интернатта окуп жүргөндө да, - деп эскерет Садыков, - керели-кечке сүрөт тартып, жыгач оюп олтурчумун. Мектеп окуучуларынын Ош облустук олимпиадасында Бүркүтчү, Жайлоодо деген сүрөттөрүм үчүн Ардак Грамота алганда сүйүнгөнүмдү айтпа! 1954-жылы мектепти бүтүп, Фрунзедеги (Бишкек) Сүрөтчүлөр окуу жайына скульптор болом деп самап, окууга өттүм.

Кийин ал Москвадагы Жогорку сүрөт окуу жайына караштуу жогорку курста (1964), атактуу скульпторлор С. Т. Конёнков менен Е. Ф. Белашовалардан таалим алган. Садыковдун чыгармалары эмгек алдыңкыларын, искусство менен илим ишмерлерин, эл-жерди даңазалайт. Ал негизинен портрет, чакан скульптуралык композиция, монумент жасалга жанрларында чыгармалар жараткан.

Анын Социалисттик Эмгектин Баатыры Телегей Сагымбаеванын портрети, Уркуя Салиева - Кыргызстандын биринчи комсомолкасы, Айтиевдин портрети, Даркүл Күйүкованын портрета, Курулушчулар, Жылкычы, Жумушчу, Бала-балыкчы, Жолдо сыяктуу чыгармалары элдин купулуна толуп кайдыгер калтырбайт (булардын көпчүлүгү Кыргызстандын сүрөт өнөр музейинде турат).

Скульптор Тургунбай Садыковдун чыгармачыл-өмүрү - Кыргызстандын көркөм маданиятынын гүлдөп өсүшүнө тийгизген таасиринин айкын күбөсү. 1978-жылы архитектор Г. Кутателадзе менен бирдикте жасап, Фрунзе шаарынын 100 жылдыгына карата тургузган Революциянын каармандарына монумент эстелиги - Кыргызстандагы монумент өнөрүнүн өнүгүшүндөгү ири жетишкендик болду.

Бул ансамбль коло жана граниттен жасалып, аны революция жеңиштерин символдогон аял келбети орнотулган 15 метрлик монумент жана Ойгонуу, Революция деп аталган скульптуралык композиция түзөт. Анда азаттык үчүн күрөшкөн У. Салиева, К. Жакыпов сыяктуу каармандардын образы типтештирилген.

Революциянын каармандарына эстелиги үчүн 1980-жылы Тургунбай Садыков Лениндик сыйлыкка татыктуу болгон. Ал эми анын 1981-жылы тургузулган Манас скульптуралык ансамбли Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына арзыды. 1988-жылы Т. Садыков СССР сүрөт академиясынын анык мүчөсү болуп шайланган. 1997-жылы мамлекеттик эң жогорку сыйлык - Кыргыз Республикасынын Баатыры деген наам ыйгарылган. Соңку мезгилдерде Эркиндик монументи, Эл куту монументалдык эстеликтерин жаратты.

2016-05-23 1529 Биографиялар Жыргалбекова С. 2016-05-23