Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Токтобаев Муканбет

(1947-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Барскон айылы) - артист. Кыргыз Республиканын эмгек сиңирген артисти (1985). 1972-жылы Москвадагы айыл В. Луначарский атындагы театр өнөрү институтун бүтүргөн. 1972—76-жылы Ош облустук драма театрында, 1976-жылдан Кыргыз мамлекеттик академик театрында, 1990-жылдан «Туңгуч» театрында иштейт. Ар кыл пландагы образдарды чебер аткарган артист. Негизги ролдору: Иван Коломийцев (М. Горький, «Акыркылар»), Журден (жана башкалар Мольер, «Дворяндыкты эңсеген көпөс»), Тейитбек (К. Жантөшев, «Курманбек»), Токтогул (Б. Жакиев, «Миң кыял»), Осмонкул (К. Маликов, «Осмонкул»), Машырбек, Мажит (Т. Абдумомунов, «Машырбек үйлөнөт», «Жарыктык карыларым»), Думана (М. Карим, «Ай тутулган түндө»), Лопухин (айыл П. Чехов, «Алчалуу бак»), Танабай (Ч. Айтматов, «Танабай Бакасов»), Акун (М. Токобаев, «Көл жээгиндеги үй»), Семетей (жылы Садьпсов, «Манастын уулу Семетей»), Шамбет жылы Өзүбекова, «Кара кыз»), Апенди М. Токтобаев, «Апендинин жоруктары»), Чыңгызхан (жылы Кулманбетов, «Чыңгысхандын купуя сыры»), Манасчы (М. Токтобаев, «Кайран Каныкей») жана башкалар Бир катар обондорду жараткан: «Каркыралар» (сөзү айыл Абдыкалыковдуку), «Кыздар жана көйнөктөр» (Б. Сарногоев), «Биз отурган автобус» (С. Эралиев), «Ышкырык» (М. Токтобаев) жана башкалар Киного да тартылган («Фудзиямаддгы кадыр түн»).

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 593, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо