TYUP.NET
Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | термелет, бешик термелет

термелет, бешик термелет

Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:

Созу Т. Кожомбердиевдики

Обону М. Рыскулбековдуку

Тектирден салкын жел келет,

Теректин учу сермелет.

Толгонай эне ыр ырдап,

Токтоосуз бешик термелет.

Алыстан тоолор керилип,

Ай жылат аран, эринип.

Упчуну эмген баладай,

Уйкуга баары берилип.

Жылдыздар тегиз жагылып,

Жыбылжып нуру агылып.

Опкулойт уулун энеси,

Опкосу, боору чабылып.

Осо кор уулум эр жетип,

Ааламга колун сермелип!

Уктабайт эне бир гана,

Дуйнону жалгыз терметип.

Көрүүлөр: 623
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо