Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Темиркул Үмөталиев (1908-1991)

Баш барак | Биографиялар | Темиркул Үмөталиев (1908-1991)
Темиркул Үмөталиев (1908-1991)Акын Темиркул Үмөталиев Ош облусунун Жаңы Жол районуна караштуу Тоо-Жар айылында 1908-жылдын 1-майында туулган. 1924-жылдан тартып Ак-суу интернатында билим алат, 1929-жылы Жалал-Абад педагогикалык техникумун бүтүрөт, 1936-1937-жылдары Москва шаарындагы Правда атындагы Коммунистикалык журналистика институтундагы курстардан билимин тереңдетет.



1929-жылы Темиркул баштапкы класстардын мугалими катары Ноокат районундагы Шаңкөл айылына багытталат, 1930-жылдан тартып Ноокат Кыргыз РК ЛКСМде бөлүм башчы болуп эмгектенет, 1931-жылы Кыргыз обком ЛКСМдин бөлүм башчысы, 1933-1937-жылдары Кыргызстан пионери гезитинин редактору, 1946-1953-жылдары Ала-Тоо журналынын башкы редактору, ал эми 1937-1940-жылдары ошол эле журналдын төрагасы, 1940-1941-жылдары Кыргыз СП башкармалыгынын адабий консультанты. 1974-жылы республикалык китеп сүйүүчүлөр коомунун төрагасы.



Ошондой эле Темиркул Үмөталиев Улуу Ата Мекендик согуштун да катышуучусу. Украина, Молдавия, Венрия, Австрия, Югославия жана Болгарияны фашисттик баскынчылардан бошотууга катышкан.



Акындын биринчи ырлары басмада 1931-жылы жарык көрө баштаган. Биринчи поэтикалык Ырлар жыйнагы аттуу жыйнак 1935-жылы басылып чыккан. Темиркулдун поэтикалык чыгармачылыгынын негизги тематикасы сүйүү лирикасы, эскини ашкерлөө, кыргыз жергесиндеги жаңы жашоонун түптөлүшү болгон. Согуш алдындагы жылдары акын көптөгөн көлөмдүү чыгармаларды жаратат: поэмалар Туратбай - 1938-жыл, Сүйүү жана Айсулуу - 1939-жыл, жана жомоктор Алп кара куш - 1940-жыл, Токтомуш мерген - 1940-жыл жана башкалар. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары акын согуш темасына байланыштуу чыгармаларын да жазып, 1946-жылы Жеңиш поэтикалык жыйнагында басылат. Согуштан кийинки жылдары Кубат поэмасы жаралып (1953-жыл), башкы каарман гвардиянын комиссары Кубат Жуматаев болот, ошондой эле Чабан жөнүндө (1954-жыл), Канышбек (1955), Ак алтын жөнүндө ыр (1956-жыл), Кундузкан (1960-жыл), Кызыл жар (1967-жыл) жана башка поэмалар жаралып, аларда Кыргызстандын жигердүү эмгекчилери чагылдырылат.



Ошондой эле көптөгөн ыр саптарын Темиркул Үмөталиев ынтымак темасына арнайт. Темиркулдун чыгармаларынын дагы бир ордун асыл-зат, аялзат темасы да орун алган. Сүйүү лирикасынын жаркын поэтикалык чыгармаларынын бири Айсулуу поэмасынан сырткары Жыпар, Кундузкан, Канышбек поэмаларын жараткан, көлөмдүү ырлары Анаркан, Эки кыз, Суу боюнда жана башкалар. Балдар үчүн да көптөгөн чыгармалардын ээси. Чыгармачылык жашоосунда акын прозаикалык жанрга көңүл буруп, ондогон аңгеме, очерктер, критикалык статьялар жазылган. Темиркулдун чыгармачылыгында олуттуу орунду котормочу иштери да ээлейт. Акын тарабынан кыргыз тилине Г. Гейненин, А. Навоинин, А. С. Пушкиндин, В. В. Маяковскийдин, А. Лахутинин, Я. Купаланын чыгармалары которулган. Акындын чыгармалары кыргыз, орус, украин тилдеринде басылып, кээ бир ырлары СССР элдеринин жана чет өлкө элдеринин көптөгөн тилдеринде да басылган.



1982-жылы анын Тоо гүлдөрү аттуу 1980-жылы жарык көргөн китеби Кыргыз ССРинин Мамлекеттик Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыгы менен белгиленген. 1968-жылы Кыргызстандын элдик акыны наамынын ээси. 1932-жылдан тартып КПССтин мүчөсү, ал эми 1934-жылдан тартып СП СССРдин мүчөсү болгон.



Ленин ордени, Улуу Ата Мекендик согуштун 2-даражадагы ордени, Кызыл Жылдыз, Эмгек Кызыл Туу, Эл Биримдиги ордени, Октябрь Революциясынын, Ардак Белги ордендери менен сыйланып, Кавказды бошотуу үчүн, Будапешти алуу үчүн, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Германияны жеңүү үчүн, Эмгек ветераны жана башка медалдар менен сыйланып, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, Украина ССР Ардак Грамотасы жана башка грамоталар менен белгиленген.



1991-жылдын 11 июнунда акын дүйнөдөн кайткан. Акын дайыма Менин таржымалым - элимдин тарыхы деп айтчу экен.



1934-жылы, ошол кездеги жаш акын Максим Горькийдин колунан СССР жазуучулар биримдигинин мүчөсү күбөлүгүн алган деген маалыматтар бар. Мындай күбөлүктү ал убакта Кыргыз ССРинин дагы жети жазуучусу ээ болгон.



1937-1941-жылдары Темиркул Кыргыз ССР жазуучулар биримдигинин төрагасы болуп эмгектенген. Анын демилгеси менен жана анын талыкпас ишине себептүү биринчи элдик оозеки чыгармачылыктын жыйнагы жыйналып жазылган, алардын ичине биринчиден Манас эпосу жана башка эпостор кирген. Ошолдой эле Үмөталиев Жазуучулар биримдигине көптөгөн манасчы, акын жана таланттуу кыргыз жазуучуларын тартууга жетишкен. Алардын ичинде Осмонкул Бөлөбалаев, Алымкул Үсөнбаев, Калык Акиев, Саякбай Каралаев, Атай Огонбаев, Касымалы Жантөшев, Алыкул Осмонов, Мидин Алыбаев, Райкан Шүкүрбеков, Тазабек Саманчин, Абдрасул Токтомушев, Абдыкалык Чоробаев, Касымбек Эшмамбетов жана башкалар болгон.



Акындын эстөөсү: Мен төрөлүп, балалыгым өткөн жерде бир дагы сабаттуу адам жокко эсе эле. Атам менен Энем кат-сабаты жок адамдар эле, Чон Ата, Чон Эне, Тай ата, Тай Энелеримда жазганды, окуганды билбеген адамдар болуучу. Китеп деген эмне экенин, ал гана эмес китеп кандай болоорун билбей, профессионалдык маданият деген эмне экенине таптакыр түшүнүк жок болчу. Мен болсо, малчынын уулу, ондогон китептердин автору, менин чыгармаларымды мектептерде, институттарда окушуп, балдар ырларымды жаттам алышкан, студенттер болсо чыгармаларым жөнүндө курс иштерин жазып келет. Үй-бүлөөмдөгү азырынча жалгыз кат-сабаты жок адам бул - беш жаштагы неберем Алмазбек. Калгандары окуп жаткан же билимдүү адамдар.



Темиркул Үмөталиев башка улуттун, башка диндин адамдарына укмуштай ачык, өз көз карашындагы чыныгы интернационалист адам болгон.



Темиркулдун чыгармачылыгынын көлөмдүү мүнөздөмөсүн Москвалык котормочу Марк Соболь берип, анын сөзүндө мындай деп айтылат: Жеке менин, окурман катары көз карашымда жана кандайдыр бир денгээлде котормочу катары Темиркул Үмөталиевдин диапазону жагат, кайраттуулуктун жана назиктиктин, лирик жана агитатор, олуттуу жана көп учурда шайыр жана жугуштуу күлкүнүн акыны. Үмөталиев боз өңдөрдү жактырбайт, албетте акварелдин чебери эмес, бирок ал кенен алганды жана түркүн түстөгү өңдөрдү жактырат. Анын метафорасы дайыма курч, аларды которуу абдан оор болуп, башка тилдерде так жана олуттуу, афористикалык айтылуусун табуу керек. Салттуулукту мурас кылып, маселе-суроолорду коюууда, тилдерде заманбап. Эң башкысы ал - жаран жана акын. Жана бул анда, акыл менен жүрөктөй, чыгармачылык менен патриоттуулуктай, Кыргызстан менен Орусиядай ажырагыс.



Таң калтыруучу поэтикалык образдардын жаратуучусу, Темиркул Үмөталиев дайыма элдик жашоонун чордонунда болчу. Анын Чыгармалары убакыттын курч сезилиши, социалдык пафосу, философиялык терендиги, укмуштай лирикалыгы жана жарандык публицистикалыгы менен айырмаланып турат.



Кыргыз тилиндеги чыгармалары:

Ырлар жыйнагы, 1935-жыл, (52бет)

Темиркулдун ырлары, 1936-жыл, (87бет)

Ырлар жыйнагы, 1937-жыл, (69бет)

Туратбай поэмасы, 1938-жыл, (67бет)

Гүлдөр өлкөсү ырлар жыйнагы, 1939-жыл, (180бет)

Күч бирдикте, 1939-жыл, (12бет)

Суу боюнда, 1939-жыл, (80бет)

Алп кара куш, 1940-жыл, (14бет)

Токтомуш мерген, 1940-жыл, (98бет)

Эчки, кой, төө, жылкы, уй бешөөнүн талашы: Жомок, 1940-жыл, (12бет)

Айсулуу поэмасы, 1941-жыл, (79бет)

Жеңиш ырлары, 1943-жыл, (36бет)

Баатыр поэмасы, 1944-жыл, (116бет)

Жеңиш, ырлар жыйнагы, 1946-жыл, (188бет)

Биздин жер, балдар үчүн ырлар, 1948-жыл, (31бет)

Мекен күүсү, ырлар, 1949-жыл, (114бет)

Тартуу, ырлар, 1949-жыл, (32бет)

Жыргал турмуш ырлары, 1950-жыл, (208бет)

Мергенчи Токтомуш поэмасы, 1951-жыл, (18бет)

Алп кара куш, тамсил, 1953-жыл, (22бет)

Кубат, Кубат Жуматаев жөнүндө поэма, 1953-жыл, (137бет)

Күч бирдикте, балдар үчүн ырлар, 1954-жыл, (32бет)

Эмгек гүлү, ырлар, 1954-жыл, (308бет)

Ак алтын жөнүндө ыр, ырлар жана поэмалар, 1956-жыл, (259бет)

Кичинекейлерге ыр, 1956-жыл, (36бет)

Чыгармалар жыйнагы, үч томдук, 1958-жыл, (476бет)

Көңүл ырлары, лирикалык ырлардын жыйнагы, 1958-жыл, (143бет)

Кытай жеринде, ырлар, аңгемелер, күндөлүктөр. — Ф.: Кыргызмамбас, 1958. —95 б.

Баатыр поэмасы, 1960-жыл, (133бет)

Тегене, ырлар жана поэма, 1960-жыл, (242бет)

Тай-тай, 1961-жыл, (16бет)

Кутманым, жаңы ырлар, 1962-жыл, (207бет)

Нарын, жаңы ырлар, 1963-жыл, (225бет)

Кызыл-Жар, ырлар жана поэмалар, 1967-жыл, (145бет)

Ыр жүрөгү карыбайт, ырлар, 1967-жыл, (358бет)

Торгой таңшык, тандалган ырлар, поэмалар, 1968-жыл, (419бет)

Алп кара куш, балдар үчүн жомок, 1969-жыл, (22бет)

Чыгармаларынын эки томдук жыйнагы, 1971-жыл, (793бет)

Жүрөк үндөйт, жаңы ырлар, 1974-жыл, (184бет)

Кыргыз кайрыктары, тандалган ырлар, 1977-жыл, (239бет)

Алп кара куш, жомок, 1978-жыл, (22бет)

Жеңиш маршы, тандалган ырлар жана поэмалар, 1978-жыл, (463бет)

Тоо гүлдөрү, ырлар, 1980-жыл, (228бет)

Балтыркан, ырлар, 1982-жыл, (32бет)

Тоо гүлдөрү, ырлар, 1983-жыл, (103бет)

Ыр түнөгү, ырлар, 1984-жыл, (235бет)

Күч бирдикте, жомок, 1985-жыл, (16бет), орусча, кыргызча

Жолборс журөк жигит, аңгеме, 1986-жыл, (24бет)



Орус тилинде:

Кыргыз жүрөгү, 1947-жыл, (46бет)

Сапар ырлары, 1955-жыл, (106бет)

Ак алтын, ырлар жана поэмалар, 1958-жыл, (195бет)

Сапар ырлары, ырлар жана поэмалар, 1958-жыл, (11бет)

Үч уламыш, 1958-жыл, (67бет)

Жазгы кайрыктар, ырлар жана поэмалар, 1961-жыл, (312бет)

Ушул жерден башталды, ырлар, 1969-жыл, (116бет)

Кыргыз ырчылары, ырлар жана поэмалар, 1972-жыл, (159бет)

Кыш жашоосу, ырлар, 1975-жыл, (70бет)

Алп кара куш, жомок, 1979-жыл, (22бет)

Тоо гүлдөрү, ырлар жана поэма, 1982-жыл, (216бет)

Наристенин жүз суроосу, ырлар, 1983-жыл, (28бет)

Кайра жаралуу, лирика жана поэмалар, 1985-жыл, (272бет)



СССР элдеринин тилинде:

Киев жыйнагы, 1986-жыл, (149бет)



Котормолору:

Маяковский В. Владимир Ильич Ленин, поэма, 1953-жыл, (99бет)

Турсун Заде, Мирзо, Индия балладасы, 1953-жыл, (28бет)

Купала Я. ырлар, 1954-жыл, (84бет)

Маяковский В. Ыракат, поэма жана ырлар, 1955-жыл, (112бет)

Тихонов Н. ырлар, 1956-жыл, (194бет)

Купала Я, ырлар, 1982-жыл, (60бет)
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 8726, Өзгөртүлгөн: 2016-05-23, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо