Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Темир Усуп уулу

Баш барак | Биографиялар | Темир Усуп уулу

(Темир Молдо; туулган жылы белгисиз, Корумду конушу, азыркы Ысык-Көл району -1916, ЖетиӨгүздүн сыртындагы Тарагай деген жерде) - кыргыз саякатчысы, агартуучу, прогрессивдүү коомдук ишмер. Атаэнесинен эрте ажыраган. Аны 12 жашында Верныйдагы (Алматы) орустузем мектебине беришкен. Аяктан бир аз билим алып, орус тилин үйрөнүп, Ысык-Көл уездиндеги болуш башкармасында котормочу болуп иштеген. Ал табигый илимий адабияттарга, ошондой эле өз крайынын табиятына кызыккан. Көп жылдар бою (20-кылымдын башына чейин) Тескей Ала-Тоону, анын өрөөндөрүн, Ички жана борбору Теңир-Тоонун сырттарын оргочордук Е. С. Рюкбейл, андан кийин караколдук айыл айыл Куценко (белгидүү край таануучу; өсүмдүк менен жаныбарларды изилдеген) менен кыдырган. Ал негизинен котормочу жана коллектор катары кызмат кылган. Кийинчерээк орус жана чет элдик экспедициялар менен жол көрсөткүч катары Кашкарда, Чыгыш Теңир-Тоодо болгон. 1900-жылы Ысык-Көл өрөөнүндө, Сары-Жаз менен Текестин алабында иштеген мажар экспедициясына катышкан. Социал-демократтар менен таанышып, карапайым элдин кызыкчы-лыгын көздөгөн.

Көл өрөөнүндөгү элдин ичинде белгилүү болуп, Темир Молдо аталган. 20-кдын башында Корумдуда мектеп ачып (өзү мугалимдик кылган эмес), кыргыз балдарын Каракол, Верный, Сазановкага окууга жиберүүгө көмөк көрсөткөн. Каракол уездинин Күнгөй Ак-Суу болушундагы отурукташууга аракеттенген кыргыз кедейлерин жетектеген. 1911—12-жылы уезддин башкаруучуларына 414 кедейдин колу коюлган арызды жазууну уюпггурган. Ошонун натыйжасында 1914-жылы Корумду, Кара-Буурул, Булан-Сөгөттү, Он-Жети-Карагай (Семёнов айылы) айылдары пайда болот. Бөлөкбай уруусунун кыргыздары Ысык-Көлдү бойлой Кес-Сеңирден Чоң-Ак-Сууга чейин отурукташа баштап, 1914—16-жылы бул жерде дыйкандардын жүздөгөн үйлөрү пайда болгон. 1916-жылы көтөрүлүш басылгандан кийин айылдаштарын туулган жерин тапггабоого үндөйт, бирок миңдеген массаны токтотууга мүмкүн эместигине көзү жеткенден кийин, алар менен кошо кетет.

Жолдо Кытайдын чек арасына жакын жерде (Тарагайда) каза болот. Сөөгү Тожике ашуусуна коюлган. Жердеиггери анын ысмын өчүрбөй отурукташкан жерин Темир айылы (мурунку Кара-Буурул) деп аташкан.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 654, Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу