Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Текечер айымдар

Баш барак | Гороскоп | Текечер айымдар

Текечер-айымдар эң жакшы аялдык сапаттарга ээ болуп, чебердик менен мырзаларды суктандыра алат. Булар уялчак жана назик аялдын ролунда болуп, мындай оюнда жанындагы мырзасы өзүн олуттуу жана жардамга дайым даяр болгон чыныгы жигит сезет. Ошондой эле булар мырзаларга, ага жете албастыгын көрсөтүп, бийиктиктеги муздак ташта, буттарын саландатып отуруп алып, жоош жана дүйнөдөн мамилеси үзүлгөн сыяктуу болушат. Бирок, бул айымдар кандай гана ролду ойнобосун, булардын ою дайыма бир максатта, бир багытта болот. Булар дайыма өзүнө керектүү гана мырзаны табып ага жетүүгө умтулат. Мындай айымдардын оюнда дагы бир маанилүү максат дайыма аны менен бирге жүрөт, бул - кандай гана болбосун, ишенимдүү абалда болуу. Жана өз максаттарына Текечер-айымдар эки жол менен жетет - өзүнүн иши менен, же күйөөсүнүн иши менен. Буларды иштин ыгы же иштин чаралары эмес, жыйынтык гана тынчсыздандырат.



Эгер бул айымдар өз максатына жетүүгө өзүлөрү иштөөнү чечишсе, анда мындай айымдар чыныгы карьеристка болуп, сүйүү жана никеге караганда анын жумушу маанилүү орунда болот. Бирок бул көп убакта чындыкка төп келбейт, анткени булар чыныгы бизнес-айым же коомдук ишмер болуп, ошону менен бирге үй-бүлөөлүк коломтонун сакчысы жана жакшы кожойке да боло алат. Болгону буларга финансылык гана туруктуулук зарыл. Эгер мындай айымды камсыздоого күйөөсүнүн мүмкүндүгү жетсе, анда бул айым жумушка болгон өз кызыгуусун муздатып, көңүлүн үй-бүлөөгө жана үй-бүлөөлүк жайлуулукка бурат.



Текечер-айымдар кичине кезинен тартиптуу болуп, коомдо өзүн эң жакшы алып жүрөт. Ошондой эле булар өзгөчө чебер гармония сезимдерине ээ. Бул айымдар кайсы туура, кайсыны жасоого болот, жана тескерисинче, кайсы туура эмес, кайсыны жасоого болбойт экенин жакшы билишет. Бирок бул тынч мүнөздүн астында ар кандай маанайдын бороон-чапкындары болушу мүмкүн, тилекке каршы, кара оттенкасы менен. Сыртынан булар тынч мүнөз жана эмоционалдуу туруктуу көрүнүшү мүмкүн, бирок, булар өз маанайынын жана ойлорунун трансына чөмөрүлгөн болот. Жана бул жон эле чебер сезимдер эмес. Бул жаман ойлорго жана санааларга, пессимизге жана депрессияга ийимдүүлүк. Болгону булар келечек үчүн коркуп, азыркы убак үчүн санаа тартып, өткөн-кеткен үчүн капа болот. Ушундай болот бул айымдар.



Текечер-айымдар эч качан өзүн шылдын кылып же мысколдоого жол бербейт. Бул айымдар мактоолорду абдан жактырат, бирок калп мактоолорду курч сезишет.



Текечер-айымдар жомок ишеничтерин кабыл алып, жөн эле кыялдана бербейт. Булар такталган сүйүүгө муктаж. Болгону буларга бүт максаттарына жетүүчү мырзанын жанында болушу зарыл, ошондо гана булар бактылуу жана эч нерседен кем болбой жашайт.



Текечер-айымдар табияттан эле абдан сулуу болгонуна карабастан бул айымдар дайыма өзүнүн сулуулугунан күмөн санап турат. Айрыкча, булардын сулуулугун комплименттер менен тастыктап турууга муктаж, бирок андай мактоолор калп мактоо болбош керек, анткени булар адилетсиздиктин кандай гана формасы болбосун, аларды жаман көрүшөт. Ошондой эле булар өзүнүн ишенимсиздигин басып өтүү жардамына муктаж. Бирок андай жардам берүү үчүн чыныгы чыдамдык керек, анткени бул айымдар кандайдыр бир деңгээлдеги кежирликтин ээси болушат.



Бул айымдар айтылгандай эле, толук берилүү менен үй-бүлөөгө гана эмес, өзүнүн да, күйөөсүнүн да туугандарына камкордугун көрсөткөн эң жакшы жар болот. Ошондой эле булар ушунча өз балдарына көңүлүн буруп, балдарын бардык жакшы нерселер менен камсыздоого аракет кылат. Бул айымдар үй-бүлөөсүн бакытка, ал эми күйөөсүн ийгиликке түртөт.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 3895, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу