Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Суу пери жана тараза

Баш барак | Гороскоп | Суу пери жана тараза

Тараза жана Суу перилер бири-бирине жаралгандай, жан-дүйнөсү жакын жана мүнөздөрү окшош. Балким бул идеалдык түгөй болуп жүрбөсүн? Булардын мамилелери тез жана гармониалуу.



Алар дайыма бири-бирин сүйүп калууга даяр, жана бул кызыгуулар көп учурда никелешуу менен аяктайт. Булардын биргелешкен жашоосу чапкындуу болуусу зарыл, анткени экөө тең тынчтыкка чыдабайт. Экөөнүн дүйнөгө болгон көз караштары окшош болуп, көп учурда максаттары да бир болот. Мүдөөлүк жакындык жана физикалык кызыгуулар алардын мамилелерине абдан күчтүү таасирин берет. Жакшы дос болушуп, бири-бирине дайым жардам берүүгө даяр. Булар бир болгондо эч качан зээрикпейт, жана бул биримдик ийгиликтүү болуу үчүн бардыгына даяр.



Таразалар үчүн Суу перилер сүйүүнүн жана музанын ишке ашуусу болот. Таразалар Суу перилердин жашоосун мүдөөлүк жактан байытат. Суу перилер Таразаларды жеңил кылып, ошондо алар асманга умтулуп, кол жетпеген бийиктиктерди багынтат. Суу перилер менен достук мамиледе болуу үчүн аралыкты сактоо зарыл. Ар түрдүүлүк жана ар тараптуулук ийгиликтүү мамилелердин залогу болот.



Таразалар өзүнө тартуучу жеңил мүнөзгө ээ, булар каалаган оноктош менен айкалыша алат. Үй-бүлөөлүк мамиледе биримдикти баалашат, анткени Таразаларга жалгыздыкта болуу абдан оор. Меймандос жана тынч мүнөз Таразалар конфликтерге же чыр-чатактарга чыдабайт, алар дайыма компромисске барууга аракеттенет. Өнөктөшү менен сезимдер жана мүдөөлөр деңгээлинде биригүүнү каалайт жана кыялданат.



Суу перилер болсо, сүйүүдө мыктылыкка жана идеалдуулукка умтулат. Алар үчүн башкы ролду достук ойнойт, андан кийин интимдик мамилелер. Суу перилерге интеллектуалдуу жагынан бышкан өнөктөш керек. Өздүк мамилелерде кандайдыр бир эркиндикке умтулат, ошондуктан узак мөөнөттүү мамилелерди түзүү үчүн Таразалар мунун баарын тушунуп кабыл алуусу зарыл. Суу пери, баарынан мурда, интеллекти жана баарлаша билүүнү баалайт, ал эми сырткы көркөмдүккө анча көңүл бурбайт. Кокустан пайда болгон байланыштарга жана флиртке Суу перилер ийимдүү эмес. Качан алар өз сүйгөнүн тапканда, андан башканы көрбөй калат. Бирок Суу перилер өз сезимдерин көрсөтүүдө анча-мынча сырдуу жана түнт болот. Ал эми таразаларга ишенимдүүлүк жана кабыл алган чечиминин туура экенинин өнөктөшү тарабынан колдоосуна дайым муктаж. Анткени Таразалар баардыгын оң жак, сол жакка көпкө чейин таразалап, кээде тупик абалда болот.



Ички жан-дүйнөлүк деңгээлинде Таразалар жана Суу перилер бири-бирине эң жакшы айкалышып, чыныгы шериктеш жана дос болуусу мүмкүн.



Суу перилерди суктандыруу менен, Таразалар Суу перилердин жазы келген кызыгуу тегерегине чек коюуу менен алардын көңүлүн өзүнө бура алат. Ошондо Суу перилер Таразаларга суудай керек болгон терен сезимдерин көрсөтө алат.



Мамилелердин физикалык жагы Суу перилерге да, Таразаларга да чоң мааниге ээ эмес. Ошондуктан, бул экөө дос болуп калса, реалдуу карым-катнаштарга иш жетпей калышы мүмкүн.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 935, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо