TYUP.NET
Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Суранам (ыр), сөзү жана обону Бек Борбиевдики

Суранам (ыр), сөзү жана обону Бек Борбиевдики

Акыркы оңдоо:

Суранам (ыр), сөзүнүн жана обонунун автору — Бек Борбиев

Суурулуп сөз чыкпайт мындайда,
Суу жетпей кургаган тандай да.
Электеп кол жансап чакырам,
Элесин турганда маңдайда.

Кайырма:
Суранам сенден, суранам,
Суусаттын, кайда убадаң?
Алыстан издеп сен келсең
Акталар эле го убараң.
Өтүнөм сенден, өтүнөм,
Өзөктөн онго бөлүнөм.
Айлыма издеп келатсаң,
Алдындан нур болуп төгүлөм.

Жүрчү элек үстүндө булуттун,
Капырай, кантип сен унуттун?!
Төлгөлөп олтурам жол ачып,
Аттигиң, не мынча куруттуң?

Кайырма:

Баралбай алдыңа шар жетип,
Баратам ансайын шай кетип.
Айламды табалбай турганда,
Ай болуп чыга кел жарк этип.

Кайырма:

Көрүүлөр: 1079
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо