(1935-жылы 6-ноябрда туулган, Жети-Өгүз району, Тосор айылы, 2022-жылы 3-апрелде каза болгон) - акын, Кыргыз Республиканын эл акыны (1993), Кыргыз мамлекеттик ун-тинин филология факультетин бүтүргөн (1959).
«Ала-Тоо» журналынын редакциясында адабий кызматкер (1959—63), бөлүм башчы (1963—71), 1973—80-жылы чыгармачылык ингге, 1971—73-жылы жана 1985—90-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармасынын катчысы, 1980—85-жылы айыл Осмонов атындагы адабий бирикмени жетектеген. 1991жылдан жалпы элдик Ысык-Көлдү коргоо комитетинин төрагасынын орун басары, Ысык-Көлдү коргоо фондусунун президенти.
Чыгармаларын 1954жылдан баштап жарыялай баиггаган. Алгачкы поэтикалык жыйнагы 1961-жылы «Тоо күндөрү» деген ат менен жарыкка чыккан. «Жылдыздуу түндөр» (1965), «Ак жол, көк асман» Гповесть 1967), «Отузунчу станция» (1968), «Аэропанорама» (1970), «Улуу дайра» (1972), «Көз ирмем» (1975), «Аралдар арасында» (1976), «Дүйнө» (1979), «Чарчоонун жүзүнчү ыры» (1982, 1986), «Адамдын турмушу» (ыр менен жазылган роман, 1986) жана башкалар чыгармалардын автору.
С. чыгармаларында көтөрүңкү лирика-экспрессивдүү туюнтууга, лирикалык каармандын эл турмушу, тарых менен тыгыз байланышын эпикалык маспггабда чагылдырууга басымдуу маани берет. Учурдун орчун маселелерин окурмандардын өктөм талаптарына шайкеш деңгээлде көркөм туюнтууга ар дайым умтулуу, чымырканып изденүү чыгармачылыгындагы негизги өзгөчөлүктөрдөн. Лирикалык толгонууларында да, публицистикалык поэмаларында да гражданчыл пафостун бийиктиги, социалдык мазмундун тереңдиги даана байкалат.
Поэтикалык форманы жаңылоо, көркөм туюнтуу каражаттарын, ыкмаларын өөрчүтүү жаатындагы тажрыйбалары да көп жагынан алгылыктуу. «Адамдын турмушу» романында элибиздин тарыхындагы урунттуу учурлар менен окуяларды кең-кесири масиггабда камтып, көп катмарлуу маЗмунда туюнтууну көздөгөн. Көп чыгармалары орус, англис, испан, француз, немец, монгол, венгр, чех, поляк, коми жана башкалар тилдерге которулган.
Көптөгөн көркөм, документ фильмдерге сценарийлерди жазган. С. көркөм котормо өнөрүндө да өз алдынчалыкка ээ. Ал котормочу катары П. Неруда, Ң. Хикмет, В. Маяковский, Гибриэла Мистраль, Р. Гамзатов, М. Ю. Лермонтов, К. Кулиев жылы бдын чыгармаларын эне тилибизде сүйлөткөн.