TYUP.NET
Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Сүйүү элеси

Сүйүү элеси

Акыркы оңдоо:
Сүйүү элеси (ыр)
СөзүМ. Ааматов
ОбонуТ. Нурматов

Сен жашап сезимимде, ойлорумда,
Кароодон карааныңа тойбодум да.
Мен сага миң ыраазы болор элем,
Же күлүп же жылмайып койгонуңда.

Сен мени үмүтүмдөй алдадың да,
Сүйгүзүп аптабыңа кармадың да.
Кайрылып назар салып койгонуң жок,
Кайгынын чеңгелинде калганымда.

Ой сүрүп жаздын аткан таңдарында,
Сүйүүгө сен менчелик жанбадың да.
Корккондой тынч дүйнөнү тандап алып,
Сен кайра мага кайгы арнадың да.

Көрүүлөр: 3847
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо