(1924-жылы туулган, Ак-Суу району, Жолколот айылы) - жазуучу, акын, драматург. Кыргыз Республиканын маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1992). 1943—79-жылдары облустун «Ысык-Көл правдасы» (азыркы «Ысык-Көл кабарлары») гезитинде котормочу, кабарчы болуп иштеген. Облус жоюлган учурда (1959—71-ж.) район аралык «Эмгек туусу» гезитинде эмгектенген. 1979-жылдан пенсияда. Чыгармачылык жолун 1947-жылы «Корея кызына» деген ырын облустук гезитке жарыялоо менен баштаган. «Менин айлым» ырлар жыйнагы (1960), «Достук» ырлар жана поэмалар жыйнагы (1966), «Жетимдер» (1970), «Астра гүлү» (1974, 1984), «Ак чач аял» (1976), «Осенние цветы» (1979), «Андрей» (1974) повесттери, «Эс алчы, апа» балдар үчүн ырлары (1986), «Чоочун киши» романы (1988), «Ленинграддан келген кат» балдар үчүн аңгемелери (1989), «Эркек колукту» (1987), «Сынган мазар» (1989) пьесалары жарык көргөн.
Медалдар менен сыйланган.
Макала менен таанышуу үчүн баалар, 24 саатка (1 суткага) мүмкүндүк - 100 сом, 1 жумага - 200сом, 30 күнгө - 500 сом. Мүмкүндүк бардык макалаларга ачылат. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз кириңиз. Катталбастан маалымат менен тез таанышуу үчүн 0704286361 вотсап номерине жазыңыз.
Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.