Сизге (ыр). Сөзү А. Бегимкулованыкы, обону Г. Садыбакасованыкы
Сизге сүйүүм, сизге урматым,
Үмүтүм да сизде кымбатым.
Жан адамга айтпас сырымды,
Сизге ыраа көрүп ырдадым.
Кайырма:
Сизге арнадым ушул түнүмдү,
Түнүм эмес күндүз күнүмдү.
Тагдырымдын буйругу экен,
Сизге багыштадым сүйүүмдү.
Табыштадым сизге баарысын,
Сезимдеги жүрөк дарысын.
Сизге буйруп менин бактымды,
Сөздөрүмдүн кызыл дарысын.
Кайырма:
Ачык билем жашоо чындыгын,
Сабырымды сезим кыйдыбы.
Эркеленбей эркимди берип,
Ашыктыгым мажбур кылдыбы?