Шатман СадыбакасовАкын, прозаик Шатман Садыбакасов Нарын облусунун Жумгал районунун Дыйкан айылында 1932-жылдын 25-майында эмгечилдин үй-бүлөөсүндө туулган. 1950-жылы мектепти, 1955-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин филология факультетин бүтүргөн. Биринчи эмгек жолун Жаш ленинчи гезитинин редакциясында адабий кызматчы болуп баштаган. 1961-жылдан баштап Кыргызстан гезитинин басмасында редактор болуп эмгектенген, 1965-жылы бөлүм башчы, ал эми 1975-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Ала-Тоо журналынын башкы редактору болуп эмгектенген. 1962-жылдан тартып КПССтин мүчөсү, 1960-жылы СП СССРдин мүчөсү.



Адабий чыгармачылык менен 50-жылдардан тартып иштей баштаган. Жазуучунун биринчи китеби 1958-жылы жарык көргөн Пейил аттуу аңгеме жыйнагы болгон. Ал эми Садыбакасовдун чыгармаларынын олуттуусу 1965-жылы чыккан Күндөр романы, орус тилине которулуп басылып чыккан Ак боз ат драмасы болгон. Ондогон проза жыйнактарынын, бир поэтикалык жыйнактын жана бир катар орус тилиндеги басмалардын автору.



Шатман Садыбакасов 1983-жылдын 3-августунда Фрунзе шаарында каза болгон.



Бүгүнкү күнгө чейин Шатман Садыбакасов талаптуу кыргыз авторлорунун бири.



Ал эми жазуучунун 1965-жылы жарык көргөн Күндөр аттуу романын критиктер Кыргыз адабиятынын жаркын кубулушу - деп аташкан.



Замандаштарын эскерүүлөрү боюнча Шатман Садыбакасов атак-даңкка умтулбаган, жөнөкөй адам болчу экен. Анын чыгармачылык жылдарында Каарман эмгеги үчүн медалынын ээси болуп, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.



Кыргыз тилиндеги чыгармалары:



Пейил: аңгемелер жыйнагы - 1958-жыл (150 бет)

Мүнөз: аңгемелер, очерктер - 1960-жыл (77 бет)

Жол түгөнбөйт: аңгемелер жана мыскылдар - 1962-жыл (170 бет)

Бир үзүм жалын: Повесть - 1964-жыл (162 бет)

Күндөр: Роман - 1965-жыл – (340 бет)

Ленинди, партияны ырдайбыз: Ленин, партия жөнүндө ырлар - 1967-жыл

Жашыл өзөн: Ырлар - 1968-жыл (112 бет)

Сонун бала: Аңгемелер - 1968-жыл (21 бет)

Кең дүйнө: Чыгармалар жыйнагы - 1976-жыл (468 бет)

Бир үзүм жалын: Повесть жана аңгемелер - 1981-жыл (192 бет)

Күзгү: Аңгемелер - 1981-жыл (30 бет)

Ажайып күндөр: Роман, аңгемелер, пьесалар, азилдер - 1982-жыл (407 бет)

Ажайып күндөр: Роман - 1982-жыл (406 бет)

Күзгү: Аңгемелер - 1987-жыл (30 бет)

Ак боз ат: Драмалар, интермедиялар - 1989-жыл (140 бет)

Шатман Садыбакасов


Акын, прозаик Шатман Садыбакасов Нарын облусунун Жумгал районунун Дыйкан айылында 1932-жылдын 25-майында эмгечилдин үй-бүлөөсүндө туулган. 1950-жылы мектепти, 1955-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин филология факультетин бүтүргөн. Биринчи эмгек жолун Жаш ленинчи гезитинин редакциясында адабий кызматчы болуп баштаган. 1961-жылдан баштап Кыргызстан гезитинин басмасында редактор болуп эмгектенген, 1965-жылы бөлүм башчы, ал эми 1975-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Ала-Тоо журналынын башкы редактору болуп эмгектенген. 1962-жылдан тартып КПССтин мүчөсү, 1960-жылы СП СССРдин мүчөсү. Адабий чыгармачылык менен 50-жылдардан тартып иштей баштаган. Жазуучунун биринчи китеби 1958-жылы жарык көргөн Пейил аттуу аңгеме жыйнагы болгон. Ал эми Садыбакасовдун чыгармаларынын олуттуусу 1965-жылы чыккан Күндөр романы, орус тилине которулуп…
Макала көлөмү орточо: 1 барак (А4)

Макала менен таанышуу үчүн баалар, 24 саатка (1 суткага) мүмкүндүк - 100 сом, 1 жумага - 200сом, 30 күнгө - 500 сом. Мүмкүндүк бардык макалаларга ачылат. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз кириңиз. Катталбастан маалымат менен тез таанышуу үчүн 0704286361 вотсап номерине жазыңыз.

Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 9528, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23