Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Шаршембаев Жылкычы

Баш барак | Биографиялар | Шаршембаев Жылкычы

(1944-жылыт., Ысык-Көл району, Кара-Дөбө айылы) - зергер, жыгаччы, өрүмчү. Бишкектеги сүрөтчүлөр окуу жайын бүткөн (1973) «Кыял» көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинде, № 19 элдик көркөм кол өнөрчүлүк кесиптик-техникалык окуу жайында чебер-мугалим. Республиканын көркөм фондусунда кырмачы. 1992-жылдан «Тулпар» чакан ишканасын ачып, кол өнөрчүлүк боюнча буюм чыгарууда.

Ээр чабат, таш чегет, бедиз жасайт, жыгаччылыкка узанат, ат жабдыктарынын бөлүктүрүн өрүп да, кайып да кармайт, булгаарыга оюм-чийим түшүрөт. Айрыкча ээр чабуусунун, күмүшкө көп түстүү «сыя төгүүсүнүн» өзүнө гана таандык өзгөчөлүктөрү бар. Анын автордук наамдагы аваздык аспабы - кыл кыяк, «Кошой», «Чубак» шахматтары, «Сынпоос ээри», «Түркмөн ээри», «Комуз», «Чабан ээри» сыяктуу буюмдары, белек-бечкектери өнөрканалардан көп нускаланган. Бүткүл Союздук, республикалык көргөзмөлөргө, кароо-сынактарга катышкан. Айрым буюмдары музейге экспонатталган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 437, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо