Созу С. Шимеевдики
Обону У. Сыдыковдуку
Сени ойлосом канат буткон конулго,
Бек сакталып журогумдун торундо.
Таалайымдын жаркыраган жылдызы,
Махабаттын гулун терген омурго.
Алыс жакта жургонундо сагынып,
Жалынчумун, жаным сага кагылып.
Кирпик какпай тан атырам далай тун,
Караанынды бир коргонго зарылып.
Кундон кунго менден четтеп кеткенин,
Муздак сууну жалынына сепкенин.
Асыл курбум чыгардынбы эсинден,
Тунук суйуу бизге таасир эткенин.
Сен унутсан, мен унута албадым,
Элесинди конулго бек кармадым.
Менден башка бар турбайбы суйгонун,
Анда неге суйом дедин алдадын.