TYUP.NET
Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Селкинчек (ыр), сөзүнүн жана обонунун автору Бек Борбиев

Селкинчек (ыр), сөзүнүн жана обонунун автору Бек Борбиев

Акыркы оңдоо:

Селкинчек (ыр), сөзүнүн жана обонунун автору Бек Борбиев

Асманга толгон айдай,
Ак булут учат жай.
Айгайлап көк дайра,
Алпурат уктабай.
Буулуккан арманым,
Булуттай биз учпай.
Ээрчишип басабыз,
Экөөбүз унчукпай.

Кайырма:
Баягыл селкинчек,
Дагы эле серпилет.
Бир гана сен башка,
Башкага келинчек.
Өмүрдү сага арнап,
Өткөргөм сени издеп.
Эскирген селкинчек,
Соолуган сезимди,
Сооротуп термелтет.

Эки гүл ал жерде.
Жанаша өсүшөт.
Гүлүнчө сыр айтып,
Шыбырап күлүшөт.
Гүлдөрдүн бирөөсүн.
Сен алып үзөсүң.
Анткени сен башка,
Башкага бүлөсүң.

Кайырма:

Көрүүлөр: 1499
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо