Селкиге (ыр), сөзү жана обону Ж. Шералиев
Таң менен ишке бараткан,
Таалайга көркүң жарашкан.
Талаанын көркү селкисиң,
Таасириң элди караткан.
Алтындын багып аппагын,
Айткан антты актадың.
Эмгегиң сендей сулуунун,
Элиме келет мактагым.
Талаанын укмуш узусуң,
Талаада эмгек кызысың.
Тагдырың сүйкүм өзгөчө,
Таалайлуу эмгек кызысың.
Таңдагы чолпон нурусуң,
Талабың артык сулуусуң.
Талыкпай аткар ар дайым,
Тапшырган элдин сунушун.