Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Салижан Шарипов

Баш барак | Биографиялар | Салижан Шарипов

Салижан Шарипов"Салижан Шарипов" Шакирович Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарында 1964-жылдын 24-августунда туулган. Космонавт, Россиянын жана Кыргызстандын баатыры. Улуту өзбек. Өзбекче аты жөнү Солижон Шарипов Шокирович.

1981-жылы Өзгөн шаарынын орто мектебин аяктап, Оренбург авиациялык окуу жайына тапшырууга барып, окуу-жай бомбалоочу авиациянын учкучтарын даярдаганын билип, окууга тапшыруудан баш тартат.

1982-жылы Советтик Армиянын катарына кызмат кылууга чакырылып, Приморск аямагынын авиация полкунун техникалык бөлүмчөсүндө кызмат өтөйт. Аскер кызматынан кийин Харьковдогу Советтер Союзунун Баатыры С. И. Грицев атындагы жогорку авиациялык, укчкучтарды даярдоочу окуу жайына тапшырып, ийгиликтүү аяктайт. 1987-жылы Орто азия аскер аямагынын аскер аба күчтөрүнүн 716-окутуучу авиациялык полкунда учкуч-инструктор болуп кызмат өтөгөн. Ар кандай түрдөгү учактардагы 950 сааттык жалпы учуу тажрыйбасы бар.

1990-жылы Ю. А. Гагарин атындагы космонавттарды даярдоо борбору тарабынан советтик космонавттар катарына тандалып алынган (1990-жыл №10 аскер аба күчтөрүнүн тобу). Союз ТМ сериясындагы жана "Мир" орбиталдык станциясында кеме башчысы катарында учуунун толук курсунан өткөн. Жумушунан алыстабастан эле 1994-жылы мамлекеттик нефть жана газ академиясынын "Аэрокосмоэкология" факултетин "Аэрокосмоэкологиялык материалдарды тутумдаш иштетүү" адистиги боюнча бүтүргөн.

1997-жылы жай мезгилинде америкалык көп жолу колдонуучу Space Shuttle системасындагы кемеде учууга даярдык көрүү үчүн АКШга келет. 1998-жылдын 23-30-январь күндөрүндө STS-89 программасы аркылуу "Endeavour" космос кемесинин адиси катары космоско учкан. Учуунун жалпы саны, анын ичинде космосто болуу убактысы менен кошо 8 күн, 46 мүнөт, 54 секундду түзгөн. Космоско чыкканда Россиялык "Мир" обиталдык комплекси менен кошулуу жүргүзүлгөн.

Экинчи космос учуусун Салижан Шарипов "Союз ТМА-5" космос кемесинин башчысы катарында жана Эл аралык космос станциясынын 10-негизги экспедициясынын бортинженери болуп жүргүзгөн. Учуу 2004-жылдын 14-октябрынан тарта 2005-жылдын 25-апрелине чейин болгон. Учуу мезгилинде ачык космосго 2 жолу чыккан.

Өзүнүн эки жолку космос учууларынын таасирлерин "Салижан Шарипов" төмөнкүдөй айтып берген: "Биздин планета кооз, ал болуп көрбөгөндөй кооз. Эгер бүт адамдар биздин Жерди космостон көргөндө, менимче, бизде эч качан согуш болмок эмес... Ал жактан чек аралар көрүнбөйт, бирок атмосферанын жука катмары жакшы көрүнөт, ал Жердеги жашоону коргоп турат. Ошондой эле, адамдар табиятка начар мамиле жасаганы дагы жакшы көрүнөт. Нефть тактарын айырмалап көрүүгө болот. Жер - ушунчалык кичинекей, назик, кооз, биз аны коргошубуз керек, сакташыбыз керек."

2005-жылдын октябрынан тартып 2006-жылдын май айына чейин Хьюстондогу Джонсон атындагы космос борборунда Ю. А. Гагарин атындагы космонавттарды даярдоо борборунун өкүлү болгон. Кийинчирээк Ю. А. Гагарин атындагы космонавттарды даярдоо борборунда даярдоодон өтүп, 2006-жылдын ноябр айынан тарта - борбордун командирлер отрядынын орун басары. "Союз ТМ-29" жана "Союз ТМ-30" космос кемелеринин коштоочу экипаждарынын башчысы болгон. 2008-жылдын июль айында космонавттар отрядынын орун басары кызматынын бошотулуп, космонавттар отрядынын курамынан чыгарылып, Ю. А. Гагарин атындагы космонавттарды даярдоо борборунун биринчи башкаруу бөлүмүнүн начальниги болуп дайындалган.

2012-жылы "Россия сыймыктанган мусулмандар" (орусча аталышы - Мусульмане, которыми гордится Россия) аттуу экинчи фильмдин каарманы болгон.

Космос учууларын ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн Россия Федерациясынын, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жогорку мамлекеттик сыйлыктарына ээ болгон.

Класстары

Сыйлыктары

Үй-бүлөсү
Үй-бүлөлүү. Бир уул, бир кыздын атасы. Футболго жана китеп окуганга кызыгат. Атасы - Шарипов Шакиржан, 1929-жылкы, пенсионер, энеси - Шарипова (Ташматова) Тургунай, 1936-жылкы, пенсионер. Эжеси - Шарипова Матлюба Шакировна, 1955-жылкы, врач, агасы - Шарипов Кадыржан Шакирович, 1957-жылкы, ашпозчу, агасы - Шарипов Кабылжан Шакирович, 1959-жылкы, иниси - Шарипов Садыкжан Шакирович, 1970-жылкы, иниси - Шарипов Собитжан Шакирович, 1972-жылкы, инженер-куруучу, карындашы - Шарипова Зульфия Шакировна, 1974-жылкы, фармацевт.

Аялы - Шарипова (Саткулова) Насиба Мавляновна, 1964-жылкы, экономист. Кызы - Шарипова Нигара Салижановна, 1988-жылкы, уулу - Шарипов Джахангир Салижанович, 1992-жылкы.

Түбөлүктөө

Жайгаштыруу: 2018-01-09, Көрүүлөр: 5118, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-01-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу