TYUP.NET
Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | сагыныч ыры

сагыныч ыры

Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.

Созу Т. Кожомбердиевдики

Обону К. Тагаевдики

Санаалардан санаага берилемин,

Сагынычтын зардабына чомуломун.

Сансыз адам жашаган, ушул шаарда,

Эмнегедир жалгыздыктан зеригемин.

Ажырадым...

Ажырадым ишенген суйгонумдон,

Айта албадым...

Айта албадым, дартымды мен куйгонумдон.

Кара каштуу кара коз карындашым,

Качан болсо карегимде жанымдасын.

Кабарынды тезирээк билгизип кой,

Канат сермеп махабатым жалындасын.

Ажырадым...

Ажырадым ишенген суйгонумдон,

Айта албадым...

Айта албадым, дартымды мен куйгонумдон.

Көрүүлөр: 1099
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.