TYUP.NET
Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Сагыныч (ыр), сөзү Т. Тыныбеков, обону Н. Давлесов

Сагыныч (ыр), сөзү Т. Тыныбеков, обону Н. Давлесов

Акыркы оңдоо:

Сагыныч (ыр), сөзү Т. Тыныбеков, обону Н. Давлесов

Күнүгө ойлоп сагынып,
Күтөмүн өтө зарыгып.
Карааның көзгө көрүнбөйт,
Калдыңбы мага таарынып.

Тамаша бүткөн кыялың,
Тартамын сен деп убайым.
Табылып жаштык дарысы
Таркаса боло кумарым.

Эрмекке карап сүрөттү,
Эскерип эчен күн өттү.
Эркелеп айткан сөзү үчүн
Эзбесең боло жүрөктү.

Жаш кезде кетет жаңылыш
Жарабайт жаным таарыныч.
Жанаша келчи жаныма
Жазылсын күткөн сагыныч.

Көрүүлөр: 1581
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо