Сагынуу (ыр), сөзү Б. Курманкулов, обону К. Тагаев
Сагынычтар жүрөгүмдү аймалап,
Сага барып жылдыз болуп байланат.
Мээримиңе алда кайдан жылынып,
Мен жүрөмүн сүрөтүңдү кармалап.
Сезимимди толгоп берем мен эчен,
Сен ошону сезесиңби берекем.
Айтар сөзүм унутулат заматта,
Алда кайдан көрүнгөндө көлөкөң.
Күч алдырып күндө жаштык илеби,
Гүл кучактап сага деген тилегим,
Мекенимдин мээримине жылынып,
Мен суйуунун кучагында жүрөмүн.