TYUP.NET
Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Сагынуу (ыр), сөзү К. Ташбаев, обону Р. Абдыкадыров

Сагынуу (ыр), сөзү К. Ташбаев, обону Р. Абдыкадыров

Акыркы оңдоо:

Сагынуу (ыр), сөзү К. Ташбаев, обону Р. Абдыкадыров

Бүркөк асман жарк дегенде чагылган,
Байкоосуздан жалынына кабылгам.
Бүт эркимди курчап алып махабат,
Жалгыз сенин элесиңди жамынгам.

Азыр мен да сени ойлоп жатамын,
Ошол күндөр бүткөн өңдүү канымдан.
Жымындашып жанып-өчүп чырактар,
Али эсимде бирге олтурчу убактар.

Жүрөктөрдүн кагышканын тыңшачуу,
Алыс калды алма жыттуу турактар.
Чертчү эле го түгөнбөгөн күүлөрүң,
Миң, кайталап музыкалуу булактар.

Таппай такыр махабаттын айласын,
Сагындым мен жолукчу күн ай башын.
Муруңкудай күтүп жатам азыр да,
Булбул куштун терезеңден сайрашын.

Ар убакта жолукчу элек бакчадан,
Айтчы деги асылкечим, кайдасын.
Карай берип канча жолу камыктым,
Эстей берип жүрөгүмдү сагынттын.

Асылкечим келчи менин жаныма,
Издей берип бүт денемди талыттын.
Кадимкидей кучак жайчы жадырап,
Качан болсо мен сен үчүн жарыкмын.

Көрүүлөр: 1132
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо