TYUP.NET
Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Сагынам (ыр), сөзү жана обону Муса Баетовдуку

Сагынам (ыр), сөзү жана обону Муса Баетовдуку

Акыркы оңдоо:

Сагынам (ыр), сөзү жана обону Муса Баетовдуку

Сагынам (гана) сени ойлонуп,
Санадым (гана) эстеп кадырың.
Кайсы эле (гана) күнү өчүрөм,
Жүрөктүн (гана) күйгөн жалынын, жалынын.

Аттандым (гана) алыс эртеси,
Алтыным (гана) мында келсечи.
Айылында (гана) жүрөт булбулу,
Акындын (гана) сүйгөн эркеси, эркеси.

Айтайын (гана) тилим сайратып,
Ашкере (гана) ичти кайнатып.
Алтыным (гана) аман бар бекен,
Аркардай (гана) көзүң жайнатып, жайнатып.

Ар кимдин (гана) ойлойт сүйгөнүн,
Алтыным (гана) аман жүрөбү.
Аралаша (гана) ойноп бир жүргөн,
Акындын (гана) сүйгөн чүрөгү, чүрөгү.

Көрүүлөр: 2636
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо