TYUP.NET
Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Сага (ыр), сөзү К. Иманалиев, обону А. Карымов

Сага (ыр), сөзү К. Иманалиев, обону А. Карымов

Акыркы оңдоо:

Сага (ыр), сөзү К. Иманалиев, обону А. Карымов

Каткырганың жаздын келиши,
Жылмайганың, муздун эриши.
Кайгырганың кара сур булут,
Кийинишиң, уздун периси.

Энкейишиң назик тал чабык,
Эркелешиң, эрке тай күлүк!
Эриндериң гүлдүн желеги,
Эреркешиң, деги кай кылык.

Кайырма:
Билектериң балык туйлаган,
Билеригиң жүрөк кыйнаган.
Каткырганда төшүң, бийлеген,
Кылыктарың нени кылбаган.

Бурулганың марал сен ушул,
Бурулганың куштун учушу.
Ойлонгонуң, түрмөк ак булут,
Ойгонгонуң, күндүн чыгышы.

Уктаганың уз бөбөктөй,
Ыктаганың аяр балапан.
Жыттаганың жыпар, ий, көпөлөк,
Жыттанганың жалбыз ий алас ай.

Кайырма:

Көзүң болсо мөлтүр жылгаяк,
Көкүрөгүң көлдүн толкуну.
Дирилдесең, дүрт деп от жанат,
Шыбырашың көлдүн шоокуму.

Сылаганың сулуу тал бекен,
Суналганың улуу кең, мекен.
Сыналганың оттун илеби,
Сураганың эмне болду экен.

Кайырма:

Көрүүлөр: 1334
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо