(1940-жылы туулган, Ак-Суу району, Шапак айылы) - мамлекеттик жана партиялык ишмер. Философия илимий кандидаты. Каракол мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетин бүткөн (1961). Адегенде Жети-Өгүз районундагы мектепте мугалим, 1964—67-жылы Барскон орто мектебинде окуу-тарбия инггери боюнча директордун орун басары. 1967—69-жылы Кыргызстан КПнын Жети-Өгүз райкомунун агитация жана пропаганда бөлүмүндө инструктор. 1969—74-жылы Кыргызстан Илимдер Академиясынын Философия жана укук таануу институтунда кенже, улук илимий кызматкер. 1974—77-жылы Кыргызстан КПнын Бишкек шааркомунун агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы, 1977-81-жылы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 1981—83-жылы Кыргызстан КПнын Бишкек шааркомунун катчысы. 1983—84-жылы Кыргызстан КП БКнын партиялык ипггерди уюштуруу бөлүмүнүн инспектору, 1984—85-жылы пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 1985—90-жылы бөлүм башчы. 1990—92-жылы Кыргыз Республиканын Жогорку Кеңешинин билим берүү, маданият, тил жана улуттар аралык мамиле, спорт, туризм боюнча туруктуу комиссиясына төрага, Кыргыз Республиканын Президенттик кеңешине мүчө, ошол эле мезгилде Кыргыз Республикасынын президенттик аппаратынын алдындагы мамлекеттик инспекцияда төрага, СССР Жогорку Кеңешине шайланган Кыргыз Республиканын депутаттарынын башчысы, СССР Жогорку Кеңешинин Респ-лар палатасынын төрагасынын орун басары.
1992-жылдан Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы. илимий изилдөөлөрү негизинен айыл интеллигенциясынын рухий маселелерине арналган. 1990—95-жылы Кыргыз Республиканын Жогорку Кеңешинин эл депутаты. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.
Толук маалымат менен таанышуу акылуу, 1 күнгө - 100 сом, 30 күнгө - 500 сом, 365 күнгө - 5000 сом. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз аккаунтуңузга кириңиз. Эгер, сайтка катталбастан маалыматты тез алууну кааласаңыз 0(704)28-63-61 вотсап номерине жазыныз.
Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.