Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Пицца жасоо

Баш барак | Пайдалуу кенештер | Пицца жасоо

Пицца жасоо кандай сонун. Пиццаны уй шартында кандай жасоо керек, бул эң эле оңой, келгиле бирге уйронуп алалы. Пицца - капыстан келип калган конокторго, досторго берилүүчү мыкты тамак. Көптөгөн кожойкелер, ашыкча түйшүктөрдөн коркуп, бул тамакты дасагандан баш тартышат. Бирок, пиццаны уй шартында жасоо оңой экенин билесизби? Бул Итальялыктардын ашы даамы, буркураган жыты менен көптөгөн адамдарга жагат.

Пицца жасоо

Албетте пицца жасоо жолдору абдан көп, бирок негизи төмөнкүдөй. Жылуу сүткө дрожду жана кантты аралаштырып, жылуу жерде 10-15 мүнөт кармоо керек. Анча көп эмес көбүк пайда болгондо, аралашманы унга кошуп, ага жумутканы дагы кошобуз. Туз, татымалдарды кошуп камырды бир консистенцияга келгенче жууруйбуз. Андан соң тегерек кылып жайып, май сүйкөлгөн формага салабыз, форма жок болсо тегерек кылып жайганга аракет кылыңыз.

Начинкасын жасайлы. Колбасаны калыңыраак таякча кылып туурайбыз, зайтунду жана козукарындарды тең экинге бөлөбүз. Помидорду тегерек кылып кесип, чөп-чарды майда туурайбыз. Сырды кесек теркадан өткөрөбүз. Камырды кетчуп менен сүйкөп, сыр жана чөп-чардан башкасын үстүнө калагандай кылып коебуз. Пиццаны 200 градус болгон духовкага 15-20 мүнөт бышырабыз, пиццанын кырларын кичине кызарта. Пиццаны алып, үстүнө чөп-чарды, сырды кошобуз дагы кайрадан духовкага 5-10 мүнөткө бышырабыз. Пицца даяр. Тамагынар даамду болсун.

Бул жакта бир гана пиццанын түрүн көрсөттүк, негизги жасалышын эми силер билесинер. Башка ингридиенттерден кошуп, өзүңөр каалагандай кылып жасасаңыз болот. Башында айткандай эле "пицца жасоо" оорчулуктарды деле жаратпайт. Кошумча-алымча ойлор болсо тартынбай пикир жазып койгула.

Ингредиентер

Камырга

Начинкасына

Жайгаштыруу: 2018-09-21, Көрүүлөр: 3090, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-21
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу