TYUP.NET
Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Өскөн жер

Өскөн жер

Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:

Сөзү: Б. Абакировдуку
Обону: Р. Абдыкадыровдуку

Тартылып көзгө элесиң,
Жанга куч-кубат бересин.
Киндик кан тамган өскөн жер,
Экинчи мага энесин.

Өз энем берсе ак сүтүн,
Жер энем берди алп күчүн,
Торолуп алып өзүңдөн,
Баратам алга бакты үчүн.

Алтын го мага караанын,
Менде көп сенин аларың.
Жүрөктү сууруп берсем да,
Билбеймин сага жарарым.

Арзыбайт сага билемин,
Көөдөндө соккон жүрөгүм.
Албасам дагы сага арнап,
Сендик деп аны жүрөмүн.

Көрүүлөр: 5842
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо