TYUP.NET
Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Өмүр (ыр), сөзү, обону А. Өзүбековдуку

Өмүр (ыр), сөзү, обону А. Өзүбековдуку

Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:

Өмүр (ыр), сөзү, обону А. Өзүбековдуку

Өмүр деген кыпкызыл гүл жайнаган,
Өмүр деген булбул бакта сайраган.
Өмүр барда өкүнбөстөн ойноп күл,
Өмүр өтсө жаралбайсын кайрадан.

О, өмүр сен жайнап турган гүлдөйсүң,
О, өмүр сен салкын соккон желдейсин.
Каалагандай пайдалана бергидей,
О, өмүр, сен колдо буюм эмессин.

Көрүүлөр: 3694
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо