Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Насирдин Исанов

Баш барак | Биографиялар | Насирдин Исанов

Насирдин Исанов — Мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры (2023), Эгемендүү Кыргыз Республикасынын туңгуч премьер-министри, СССР инженерия академиясынын академиги, куруучу.

Мазмуну
Насирдин Исанов, Исанович
Насирдин Исанов
Кыргыз ССРинин туңгуч вице-президенти, 1990-жылдын декарынан 1991-жылдын январына чейин
Кыргыз Республикасынын туңгуч премьер-министри, 1991-жылдын 21-январынан 29-ноябрга чейин
Төрөлгөн датасы7-ноябрь, 1943-жыл
Төрөлгөн жериКөк-Бел айылы, Ноокат району, Ош облусу, Кыргыз ССРи
Каза болгон датасы29-ноябрь, 1991-жыл (48 жаш), Кыргызстан
Сөөгү коюлган жерАла-Арча көрүстөнү
ПартияКПСС
БилимиМосква инженер-курулуш институту
Илимий даражасыэкономика илимдеринин кандидаты

Макалага тиркелме: Power Point слайд (19 барак, макаланын төмөн жагынан көчүрүп алыңыз), видеоролик HD 2:44 мүнөт

Өмүр баяны

Насирдин Исанов 1943-жылы 7-ноябрында Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Көк-бел айылында совхоздун жумушчу үй-бүлөсүндө төрөлгөн, тарбияланган. 1960-жылы мектепти бүтүрүп, ошол эле жылы Москва шаарындагы «инженердик-курулуш» институтуна окууга тапшырган. Бир жарым жыл аталган институттун кечки факультетинде окуп жүрүп, эмгек жолун Москвадагы курулуш уюмдарында жумушчу болуп иштеп баштаган. Андан соң ошол институттун күндүзгү бөлүмүнө окууга өтүп, 1965-жылы аны ийгиликтүү бүтүргөндөн кийин Кыргыз ССРинин курулуш министрлигинин «Ошгорстрой» трестинде ишке кирип, №3 курулуш-монтаждоо башкармасында мастер, андан кийин прораб, андан кийин участканын начальниги, тресттин башкы технологу болуп 1966—1969-жылдары эмгектенген. №5 курулуш монтаждоо башкармасынын башкы инженери да болуп эмгектенген.

1969-жылдан КПССтин мүчөсү. 1970-жылы партиянын Ош обкомунун курулуш бөлүмүнүн жетекчилигине инструктор болуп кирип, ошол жылдын декабрь айынан тартып Нарын гидро-энерго-курулуш башкармасынын (Каракөл ш.) партиялык комитетинин (райкомдун укугундагы) катчылык кызматына шайланып дайындалган.

1974—1976-жылдары Кыргызстан Лениндик Жаштар Коммунисттик Союзунун (ЛЖКС, орусча ЛКСМ) Ош обкомунун биринчи катчысы. Алматыдагы Жогорку партия мектебин бүткөн (1975). 1976-жылдан Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин шаар чарба жана курулуш бөлүмүндө бөлүм башчынын орун басары, 1979-жылдын октябрь айынан 1983-жылдын сентябрына чейин бөлүм башчы. 1983—1986-жылы Кыргыз ССР курулуш министри. 1986-жылы декабрь айынан тартып, курулуш комплексин кайра курууга байланыштуу жаңы калыптанган Кыргыз ССРинин Мамлекеттик курулуш комитетинин терагасынын 1-орун басары.

Кыргыз ССРинин курулуш министри кызматына дайындалган. Бул кызматта эмгектенип журуп, 1988-жылдын октябрь айынан тартып, мурдагы Ысык-Көл ошондой эле Нарын облустары кошулуп жаңы калыптанган Ысык-Көл облусунун эл депутаттарынын облустук Кеңешинин аткаруу комитетинин төр агасы, 1990-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын вице-президенти болуп дайындалган, 1991-жылдын 22-январынан 29-ноябрга чейин Эгемендүү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына бекиген. Экономика илимдеринин кандидаты, диссертациясын СССР Министрлер Кеңешинин алдындагы Эл чарба академиясында жактаган. 1991-жылдын июнунда СССР Инженседик академиясыпын жалпы чогулушунда академик болуп шайлaнган.

Исанов үй-бүлөсү менен

Жубайы Бузинат Исанова - адистиги боюнча педагог, кызы Мария жана уулу Алмаз - Кыргыз медицина институтун бүтүрүшкөн.

Насирдин Исанов өлкөдөгү азыркы жүрүп жаткан саясий ошондой эле, экономикалык реформалардын шарттарына ылайык Республикада капиталдык курулуштун экономикасын жана башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча бир топ эмгектердин автору.

Ошондой эле, кыргыз сомун киргизүү боюнча демилгени дагы Исанов көтөрүп чыккан делет. Андан тышкары, Исановдун тушунда 1980-жылдары Бишкек шаарынын борбордук аянт көрктөндүрүлүп, агропром имараты, «Восток 5» кичи аймагы, «Бакыт үйү» салынып, Кыргыз Республикасынын тарых музейи ишке берилген. 1984-жылы ошол эле борбор шаардагы Кыргызтелеком имараты тургузулган.

Илимий эмгектери

Исанов иш үстүндө

Чыгармачылык

Ал эми бош убактысында Насирдин Исанов ыр жазып койгон да адаты бар экен, төмөндө Насирдиндин өз колунан жаралган ырлары:

Ноокатым
Кыял-бул ар адамга дайым канат,
Кааласаң бир заматта Айга алып барат.
Айлантып бүт ааламды бир секундта,
Кааласаң жылдыз болуп жанып калат.

Кыялдын түркүн-түркүн кылдары көп,
Келтирүү мүмкүн эмес күүгө үгүттөп.
Ача алат анын сырын билген уста,
Ошондо көркүн ачат жаздай бүрдөп.

Ноокатым бүгүн келдиң көз алдыма,
Кыялым учту беле алда-кайда...
Бир кезде сенин көркүң, тааный албай,
Караармын ишене албай кайра-кайра.
(4-март, 1990-жыл)

Атбашы
Тоосу бийик чокулары келишкен,
Коктусунда суу менен муз эришкен.
Учу кыйырсыз жайлоолору мемирейт,
Мелдешкенсип кемминби деп Көк менен.

Оту күчтүү, суусу таза туп-тунук,
Тескейинде жайлоолору кулпунуп.
Кышы-жайы эрибеген муздарың,
Турат күүдөй кулагыңа угулуп.

Тоолоруңду марал, кулжа аралайт,
Ой түзүңдү кекилик, чил каралайт.
Тектирлерде колдон жасап койгондой,
Түркүн гүлдөр башын ийип салаалайт.

Жарашыктуу атың сенин Атбашы,
Өзүң деле белден берки жер башы.
Илгертеден ата-баба жактырып,
Көп жерлерден тандап алган сыяктуу.
(Ырдын жазылган күн-айы белгисиз)

Жаратылыш
Жаратылыш кандай уста чеберсин,
Бир-бирине бириктирип келесин.
Ааламдын эч жеринде кемтиги жок,
Баарыбызга сен Атасың, Энесиң
(4-март, 1990-жыл.)

Чырак, Кабак
(Жети-Өгүз районундагы айылдар)
Атың Чырак, өзүң чырак жаркырап,
Маңдайыңда жаркыраган Көл турат.
Аппак тамдар өрдөк сымал тизилип,
Киргин келет ар бирине суу сурап.

Көчөлөрүң түп-түз болуп жебедей,
Кылым көргөн дарактарын кебелбей.
Талааларың колдон түздөп койгондой,
Уюп турган айран өндүү келегей.

Кабак, Чырак аттарыңар жарашкан,
Көл жээгинде эгиз болуп жайгашкан.
Күндө-түндө кайтаргандай силерди.
Көк тиреген тоолор турат кар баскан.
(18-февралъ, 1990-жыл ооруканада)

Эмгек жолу

Насирдин Исанов 1991-жылдын 29-ноябрында 48 жаш курагында Джалал-Абад — Ош автожолунда жүк ташуучу «ЗиЛ-130» унаасы менен Насирдин бараткан «Волга» унаасы сүзүшүп, автокырсыктан каза болгон. Сөөгү Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрстөнүнө коюлган.

Замандаштары Исановду калыс, кесипкөй жана принципиалдуу жетекчи болгонун айтып келишет. Ал эми айылдаштары аны өтө жөнөкөй, адамкерчиликтүү, министр болгонуна карабастан кара жумуштан тарбынбаган эмгечил адам болгон дешет.

Исановго арналган ырлар

Курулуш жагын өлкөнүн,
Жолго салган Насирдин.
Бурулуш жагын өлкөнүн,
Колго алган Насирдин.
(белгисиз автор)

Кыйын чыккан Кутунай
Алтын ээр, күмүш чылбар тулпар минген,
Күн мурун келечегин көрө билген.
Найзасы албарс учтуу, кылычы курч,
Бал тамган өнөр алды кызыл тилден.

Чоролор Шаабек, Шүкүр, Бообек, Жайсаң,
Чоролор Үмөт, Алтай кучак жайган.
Жол жүрсө да, алты ай бою чарчабас,
Күргүштөгөн зор күчтү алган кайдан.

Басмайылы бек тартылган жоодон, кастан,
Өмүрү көргөн эмес корккон, качкан.
Октон коркпой көк жолборстой атырылып,
Күн болгон достор менен көңүл ачкан.
(Насирдин Исановго, автор белгисиз)

Сыйлыктары

Түбөлүктөө

Power Point слайд: Насирдин Исанов
Видеоролик: Насирдин Исанов (2:44 мүнөт)

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 19683, Өзгөртүлгөн: 2023-10-13, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу